www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын тергөө абагында жаткан Икрамжан Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев "Азаттыкка" комментарий берип жатып, "Илмиянов тергөө менен кызматташып, бир катар чуулгандуу фактыларды ачыкка чыгарып жатат" деген сөздөрү чагым деп атады. Илмиянов коюлган айыптын баарын четке кагарын, күнөөнү мойнуна албай турганын билдирди.

"УКМКнын Икрамжан Илмияновдун иши тууралуу ачык айтпай жатканы бир чети мени кубандырат. Анткени бул жабык маалымат болушу керек. УКМК бул жагынан мыйзамды сактай баштаптыр. Анткени алар буга чейин таратууга мүмкүн болбогон маалыматтарды таратышчу. Алардын шектенүүсү "ушундай болду" дегенди билдирбейт", деди Селесарев. Ал ошондой эле Илмиянов менен такай байланышып турганын, ден соолугу жакшы экенин кошумчалады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы делген Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрында кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери боюнча айып тагылган.

УКМК да, адвокаты да козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек. Тактала элек маалыматка ылайык, ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда кайсы бир ишкерден 150 миң доллар пара алганы тууралуу арыз түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости