www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арийне, көк бүрү деген улуттун күзгүсү экени талашсыз. Анын баалуулугуна эч ким шек келтирүүгө акысы жок. Бирок, ошонун шылтоосу менен шайлоо алдында разминка кылууну каалагандар бар экени жалганбы? Болгондо да эл өкүлдөрү, өкмөттүн ак жакалуулары башка иш калбагандай түр көрсөтүп, ичтеги бугун көк бөрүдөн чыгарышканы боюнча түркүн пикирлер жайылды. Бул эми коомчулуктун ичинде болчу жагдай. Эч кимдин оозун төөнөгүч менен төөнөй албай жаткан мезгилде бирөө да кой дегенге даабайт. Ошол үчүн казы-картаны өкүртө чайнап, капчыгында пулу көптөр, менин мына ушундай күчтүү атым бар деп опулдагандар күшүлдөп, бышылдап кумарын жазып алышты. Мейли, антүүгө эч ким тоскоол болбойт. Анткени кандай чамгарактайм десе да буларда мүмкүнчүлүк толук бар.
Эй, кыйындар, байлыгы аркылуу мандат алгандар! Кана кимиңер качан элге жарыгыңарды тийгиздиңер эле, кандай кайрымдуулук иштерди жүргүздүңөр деген суроого бириң да ынтыгып жооп бере албайсың. Карапайым элден көрө булар күлүк тайганына, күчтүү атына, кымбат машинесине камкордук көрүүгө умтулушат. Булардын жолойуна түшкөндөр биз кимден кем элек дешип мактанып, көк бөрүнү уюштурушат. Үзүмчүлүк маалда кембагалдарга жарты нан берүүгө жарашпайт. Анан эле шайлоо келгенде жантыгынан жата калып элге күйөрман киши боло калышат. Гриль козу жегендерди, виски ичкендерди башкача мактагандар болсо эптеп тигилердин кешигин жегенге маш. Партиялык турмуштун кыпындай ишин билбегендер мурдун келтейтип депутат болууга куштар. Эми кыйла капчыгын томпойтуп алган кечээги ырчы-чоорчулар деле шайлоонун шайтан оюндарына аралашып кетүүгө кызыктар болуп жатканы кашкайган чындык. Дагы жарым айдан кийин, күн бираз жылыган соң “сармердендер, акыйнектер” башталат. Алар саясаттын айдыңына киришсе, дыйкандар жерине үрөн сээп, элдин курсагын тойгузуунун камылгасын көрүшөт. Турмуш деген ушундай, бирин бийлетип ырдатат, бирин ыйлатат, дагы бирөөнү дүйнө кестирип тентитет…
Булак: "Ачык сөз"