www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясат дегендин тизгини жок, колундагы чылбыры да кээде ыргып кетет. Бүгүн төөдө отурса, бүрсүгүнү тешик тепшиге көчүк басып калышы кеп эмес. Ошондуктан саясаттын адебин берем деген ноендор азыр караңгы жерде камандай күркүрөп жаткан кези. Айрымдарына кырдаалдан жаралган жарык берилип, эркиндикке чыгып кетишти. Эми анын деле таржымалы белгилүү.

Мындан тогуз ай мурда Чүйгө губернатор болуп келген Туйгуналы Абдраимовду апендинин кызындай мактагандар азыр деле момпосуй соруп отурушат, эч жакка кетишкен жок. Ошол күн тийген жердин күкүктөрү;-Мына эми Атамбаевдин түйүнчөгү түйүлөт. Туйгуналы эч кимден үрккөн эмес, байкесин да керек болсо жарга такайт. Баракелде башчыга, кадрды абдан туура тандады, — ​деп көккө учурушкан. Эми болсо чүйлүктөрдүн дымагы күчөдү, Канат Исаевди спикерликке, Туйгуналыны өкмөт башчылыкка түрткөнү жатышыптыр. Карасаң булардын бийиктеген планын-дешип түкүрүгүн чачыратышат десең. Ушул кишини өкмөт башчылыкка эрте кондурбаса ажону Атамбаев эки чайнап, бир жутат-деп опулдагандардын бүгүн маанайы пас.Анткени Абдраимовдун мурдагы көз карашы таптакыр өзгөрүлүп, касташкан досторду элдештирүүгө аракетин чегерүүдө. Мунун эмнеси жаман? Эгерде тирешүүлөр пасаңдаса өлкөдө туруктуулук сакталат.

Тилекке каршы мындай элдешүүнү каалабаган өзүнчө топ бар. Ошолор реваншты дагы колдон чыгарып жиберебизди деген санаага терең батышкан учуру. Алардын кимдер экени деле жалпыга маалым. Кеткен президенттен май куйрукка тебилгендер кантип алдына келген аш салынган табакты тарттырып жибергиси келсин? Демек, ар кандай тескери өңүттөгү чаар чымындарды учуртуп турууга алар кызыктар. Анын үстүнө улам өйдөлөп кетип бараткан мурдагы ажонун зоболосуна көзү тешилгенче кароого муктаж болуп жатышпайбы. Тирүүлүктүн өзү күрөш. Ал күрөштө адал эмгек кылгандар гана жеңүүчү болот. Шакмары чубалгандарды баары бир журтчулук алдыга өткөрбөйт. Ал эми кайра Туйгуналыга келсек ал туура жолго түштү. Кызматтан, саткынчылыктан көрө абийирди бек кармоо миң эсе жогору.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости