www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз окуп жүргөндө, Акаевдин, Бакиевдин заманында “Азаттык” деген биз үчүн чындыктын символу болуп сезилчү. Акаевди кетирүүдө борбордук аянтка биз жаштар менен чыкканбыз. Анда студент кезибиз болчу. Ошондо “Азаттыктын” журналисттери Кубаныч Жолдошев, Алишер Токсонбаев деген таза инсандар элдин үнүн обого алып чыгып, бизге дух берип, бийликтин былыктарын таамай айтып турчу. Көп жылдар өттү, суулар акты... Азыркы «Азаттык» жалпы өлкөнүн проблемалары: алтын, күмүш, көмүр кендерин басып алып, темир жол, жол, музей, энергетика, ТЭЦ, бензин мафиясы, Дача-Су кылмышы, өлкөгө келген олчойгон гранттарды култ этип коюп курсагын сылап отурган Ак үйдөгү кээ бир таш курсак галстукчандардын атын атоого эмне үчүн «Азаттыктын» оозу барбай жатат? Эмне үчүн Азаттыкта Раимбек Матраимов эле тема болуп калган? Бул заказбы же шайлоо башталдыбы? Кумтөр мафиясы, Нарын, Чаткал жерлериндеги кытай баскынчылары тарабынан кен казабыз деп кыргыздын бейиштей жерлери талкаланып жатышы, Атамбаевдин адилетсиз бийлиги учурунда берилген тоо кендер, лицензиялар, мыйзамсыз курулуш мафиялары...
Учурда Азаттык мамлекеттик деңгээлдеги кылмыштарды алып чыгуудан, жөнөкөй көр пенделик деңгээлге түшүп калдыбы деп ойлойсуң? Эки достун урушу, эки аялдын ушагы, Ошту каралар каптады, «Патийланин камогун уурдады» деп, өздөрүн коомго баатыр көрсөтүү менен алек.
Бир нерсени далилсиз коомго алып чыгуу кылмыш. А шариятта гыйбат деген күнөө! «Азаттык» журналистерди ишке аларда кандай критерийлер менен алат? Алар Америкага сөзсүз бир барып келиши керек деген чынбы? «Азаттык» акыркы убакта бир ууч адамдын кызыкчылыгы менен заказ алып иштеп жатабы? Проблема ушул балдарды күш-күш деп коюп көшөгө артында бекинип олтурган шакалдардабы? Бул чөөлөр мамлекеттин келечегин уруп ойнобой, өлкөнү бузуп-жаруу менен элекби? "Төбө чачы тик турган акчалаар" деп ишкерлердин акчасына көзүн сугунуп Америкага качкан Али жоголду. Ошту каралар башкарат деп бир эженин камогун тоногондорду 2 жылдан бери табалбайт. Ал учурда чоң эле бир кыргыздын намысын коргоп желек көтөрүп жүргөн спортзалды коомго жаманатты кылууга аракет кылган журналист. «АЗАТТЫК» эл бузарлары Оштон чыгып кетсин деп жаштар чогулуп жатыптыр! Ушул бизге керекпи? Көп өлкөлөрдө мындай бузукуларды мамлекетке киргизбейт экен. «АЗАТТЫК» КИМДЕР? АМЕРИКАНЫН ТЫңЧЫЛАРЫБЫ?
Шайлообек Атазов, Кикбокс боюнча дүйнө чемпиону, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты
Булак: NazarNews.kg