www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо. Талапкерлигин койгондордун саны 80ден ашты

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны 83кө жетти. Бул тууралуу БШКнын сайтындагы жаңыланып турган маалыматтан көрүүгө болот.

Талапкерлигин көрсөткөндөрдүн арасындагы депутаттар, мурдагы министрлер, жеке ишкер, пенсионер, адвокат, юрист, дарыгерлер, убактылуу иштебегендер жана башкалар бар.

Ошондой эле шайлоого катышуу үчүн өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын үч партия расмий билдирген.

Белгилей кетсек, 30-ноябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. 30 округдун ар бириндеги үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Жалпысынан 90 депутат парламентке шайланып келет.

БШКнын маалыматына ылайык, өлкө боюнча алдын ала тизмеге 4 млн 287 миң 222 шайлоочу кирди. Шайлоо күнү 2492 шайлоо участкасы ачылат.

Последние новости