www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр 300-500 долларлык костюм-шымдарды кийип, салабаттуу кишиге окшоп бийлик бутактарында кимдер отурат?

Албетте, байлыгы чириген, самопал дипломдорду алган, байланышы зор кишилер президенттик аппаратта, парламентте, өкмөттө, министрликтерде, департаменттерде, облусттардагы жылуу-жумшак орундарда беймарал отургандардын баары томаяк эместер. Алар биротоло жармакташып, камгакташып алгандар дегенге негиз толтура. Ошондуктан мамлекетте жылыштар болбой,ылдый карай жылмышып бараткан кезибиз.

Кызыл диплом менен чоң окуу жайды бүткөндөр, акылы ай чапчыгандар босогодо шефин шыкаалап жанын багып жүрүшөт. Анткени алардын капчыгында шамал ышкырат, анын үстүнө тигилерге окшоп жулунбайт, курсагы тойгонуна каниет кылат. Орто звенодогу “канцелярский иштермандар” так ушулардан куралган. Бул шордуулар чоңдоруна кагазын белендеп берүүгө чакырылышкан. Кээде жеме уккан да ушул мээнеткечтер. Биздин бийликтин “тепкичтери” ушинтип куралган. Мындай сыпаттамадан ким сүйрөп чыгаары белгисиз. Папке талашкандар, доляга мингендер болсо өз иштерин активдештирүү менен алек. Анткени ошол үлкөн кишилердин кабинетинде бардык маселелер чечилет, аркандай болуп эшилет. Анан кайдагы реформаны, тазаланууну  айтабыз десең...

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости