www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айткыбыз келди. Айтпай койсок болчудай эмес. Эмнени деп жатасызбы, анда кєңүл буруңуз. Кадимки Теңир-Тоо жергесине баргандардын баары эле кєрүп жүрсє керек, Нарын шаарына жетип калгандагы кире беришиндеги эки айрылыш жолдун боюнда эки илбирстин таштан жасалган сөлөкөтү бар. Жакшылап баамдап карасаңыз, «НАРЫН» деген жазуусу бар тоголок ташты эки илбирс сүйөп турат. Мына ушул жерге токтоп сүрөткө түшүп, босогодон бир тыныгып Нарынга жол тарткандар, келе жатып бир өргүү алгандар көп кездешет. Конок тосуп, конок узаткандарды да кездештирүүгө болот бул жерден… А тургай ар ким ал илбирстерди маскаралап, «эки мышык» деп да атап алышкан. Эми бул илбирс деген эмне, кандай жаныбар экенин билбеген түркөйлөрдүн пикир деп түшүнөбүз…
Эки илбирсти ал жерге коюш кимдин демилгеси болгонун жана кайсы жылы ишке ашканын биле албадык. Бирок, кире бериштеги, босогодогу эки илбирс олтурган ташкуйманын кейпи кетип, урап турганы көзгө өөн учурады. Сыртынан чапталган цемент таштар сыйрылып, айлана-тегереги таштандыга толуп, кароосуз калып, айласыз болуп калганын көрүп зээнибиз кейиди.
Нарынды башкарып күпүлдөп олтурган Кайыпов Аманбай бул жолдон байма-бай өтөт, күндө болбосо дагы күн алыс. Муну кантип көрбөй жатты экен? Же көрсө да көрмөксөнбү? Бул астананы аттап жатып Аманбай мырза эмне ойлорго батат болду экен? Же Кайыповго ал жерге карата кайдыгер жасалган мамиле баш оору эмеспи. «Эшигин көрүп төрүнө өт» дейт кыргызда. Босого ташыбыздын тамтаракайы чыгып жатса «ичибиз» кантип жатты экен? Аманбай мырза ушул жерди оӊдоп, көрккө келтирип коюуга мойнуӊуз жар бербей жатабы? Же каражат жетпейби? Каалай турган болсоӊуз өз чөнтөгүӊүздөн деле жасап кое тургудай жөнүӊүз бар. Бирок, каалоо жок болсо, анан да Кайыповдун кайдыгерлиги тоскоолдук кылып жатса кире бериш, астана, босого кейпи кеткен думана түспөлдүү кала берет тура. Башка областардын кире беришин деле көрүп жүрсөңүз керек Аманбай мырза, намыстанып койбойсузбу? Кийин соң ушул кире беришти Аманбай Кайыпов губернатор кезинде гүлдөттү эле деп жакшы сөз артыңыздан ээрчип жүрсө жаманбы? Же сиз үчүн элге иш жасоо эмес, казы-карта чайноо эле маанилүүбү?
Кубаныч Зайнидинов, “Де-факто”