www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда, ИИМдин өкүлү Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча тергөөнүн жүрүшүндө Атамбаевдин аты айтылып жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу kalys.media маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Суракта мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча Алмазбек Атамбаевдин катыштыгы бар экендигин айткан” деп билдирди ИИМ өкүлү.

Белгилүү болгондой, Атаханов тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргендиктен, анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости