www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алты жаман кетти эле, аман эсен келсе экен...

Алты жаман кетти эле, аман эсен келсе экен, жөн келишпей: жеңил барышып оор келишсин деп, эки көзүбүз төрт болуп күтүп олтурабыз.

Бүтүрүп келген иштерин өз ооздору менен баяндап беришкенде билебиз. Ага чейин, көзүбүзгө бакыйып көрүнүп турган кемчиликтерин айта туралы. Сын болбосо, оңолуу болбойт. Айтылган сынды акылдуу адамдар гана туура кабыл алышат. Орустардын өлкөсүнө барышты. Конокко барган адам койдон жоош болуп, барган жеринин мыйзамын, салтын сыйлаш керек.

Орустар имараттын ичине киргенде, ар кандай чогулуш-жолугууларда, тамактанып жатканда баш кийимди чечип коюшат. Баш кийим менен олтурганыңды алар: жакшы эле дегенде өздөрүн сыйлабаган адам катары, ал эми жаман жагынан айтканда, жапайылар катары кабыл алышат.

Эки депутатыбызды апалары төрөгөндө ошол башындагы калпагы менен кошо төрөгөн болсо да, баш кийимдерин алып коюшса жакшы болмок. Булар болсо, жаман үйдүн коногу бийлейт болушуп, өзүбүздүн адатыбызды Москвада колдонуп жатабыз. Өтө жаман көрүнүш. Уят.

Анан дагы Мамытовдун жолугушуудан кийинки интервьюсун уктум. Орусча сөз табалбай кыйналып жатты. Эмне кылат жанын кыйнап, өзүнө кошуп бизди бул жакта ыйындырып. Кыргызча эле айта бер да. Же болбосо котормочу алып жүрсүн. Эки аялды кошуп алып эмне кылышат. Бир аялдын ордуна котормочу кошуп алышса деле болмок. Айтсаң, бирөөнү аңдыгандай болуп каласың. Айтпасаң, буларың оңолушпайт да.

Эске салсак, Кыргызстандын парламентинин депутаттары учурда Орусияда расмий сапар менен жүрөт.

Расмий сапардын алкаганда төрага Мамытов РФтин Федералдык жыйынынын Федералык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту.

Жолугушуунун негизинде мигранттардын жана башка бир катар маселелер каралды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости