www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетүүсү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет, катуу шамал учурунда:
- унааны имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- жарнама калкандарынын жанына турбаңыз;
- көз айнек кийиниз.
Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.