www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин жетекчилигиңиздин астында  алысты көрө билген жана калыс жүргүзгөн саясатыңыз менен бүгүн Кыргызстанда стабилдүүлүк камсыздалды жана туруктуу жана  социалдык-экономикалык өнүгүү, калктын бакубаттуулугу өсүүдө, өлкөнүн эл аралык аренада  кадыр-баркы көтөрүлүүдө. Биздин элдердин жалпы тарыхына, динине, маданиятына жана салттарына негизделген кыргыз-өзбек достук жана ынак кошуналык мамилесин ырааттуу бекемдөөдө Сиздин ар тараптуу колдооңузду жогору баалайм. Жогорку деңгээлдеги туруктуу байланыштар жана эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосундагы интенсивдүү сүйлөшүүлөр көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүүдө анын ичинде өз ара соода жүгүртүү көлөмү сезилээрлик көбөйдү, экономиканын түрдүү тармактарында кооперациялар күчөтүлдү, аймактар аралык байланыштар  жана маданий-гуманитардык алмашууну активдештирүүгө, ошондой эле өз ара мамилелерди тереңдетүү жана Борбордук Азиядагы артыкчылыктуу долбоорлорду алдыга жылдырууга өбөлгө түздү», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Шавкат Мирзиеев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө бекем ишенимин билдирип, ошондой эле Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Последние новости