www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин орусиялык ишкерлерге кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу дооматына жооп берди. Шыкмаматов орусиялык ишкерлерге мамлекеттик жогорку жетекчилик тарабынан кысым көрсөтүлүп жатат деген доомат негизсиз экенин билдирди.
"Мамлекеттик жогорку жетекчилик тууралуу айтып, Мишустин мырза так эместикке жол берген, ал эми "опузалоо" дегени ашыра айтууга барабар. Муну менен биздин чарбалык маселеге саясий боек берилген десек болот. Мишустин мырзада так маалымат болбошу ыктымал", - деген Шыкмаматов мамлекеттик жетекчилик тарабынан акыркы убактарда коррупцияны жок кылуу аракеттери жүрүп жатканын белгилеген.
Бул бардык мамлекеттик органдарга коюлган талап экенин белгилеген төрага коррупция тыйылгандан кийин айрым органдардан бюджетке түшкөн акча эселеп көбөйгөнүн билдирген. Ал Бажы кызматынан эле Евразия экономикалык биримдигинин бюджетине (ЕАЭБ) 2023-жылы 50 миллиард 932 миллион сом которулуп, анын жарымы кайра алынганын айтты.
Шыкмаматов ушундай эле өзгөрүүлөр салык системасында да жүрүп жатканын белгилеп, фискалдык саясаттын жакшырышы менен 2024-жылы 342 млрд сом салык жыйналганын, ал эми 2020-жылы 62,9 млрд сом гана салык алынганын кошумчалаган.
"Биз салык төлөөчүлөрдү жергиликтүү, чакан өлкөнүн же ири державанын ишканасы деп бөлбөйбүз. Бардыгына мыйзам менен бирдей салык нормалары бекитилген, аны баары аткарып жатышат. Мыйзам баарына бирдей, салык төлөө -ыйык милдет. Эгер кимдир-бирөө салыкты жашырса, тиешелүү органдар мыйзамдын алкагында иштешет. Орусияда деле ушундай. Мен ишенем, Мишустин мырза, Орусиядагы ийгиликтүү ишке ашырылган салык реформасынын "атасы" катары, муну эң сонун түшүнөт", - деген Шыкмаматов.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолукканда кыргызстандык мамлекеттик органдар орусиялык компанияларга "кысымын жана негизсиз дооматтарын" токтотушу керектигин талап кылган.