www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык ишкер Илон Маск АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигин (USAID) кылмыштуу уюм деп атап, анын "жок болушу керек" экенин айтты. Бул тууралуу ал X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди. Масктын айтымында, агенттиктин эки кызматкери DOGE департаментине (Мамлекеттик башкаруу эффективдүүлүгү департаменти) системаларга кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүдөн баш тарткандан кийин кызматтан кеткен.
USAIDдин сайты жана X социалдык тармагындагы расмий аккаунту да жеткиликсиз болуп калган. Маск бул агенттиктин биологиялык курал изилдөөлөрүнө, анын ичинде COVID-19 вирусуна байланыштуу иштерге салык төлөөчүлөрдүн акчасын сарптаганын айыптады, бирок далил келтирген эмес.
АКШ президенти Дональд Трамп да USAIDдин айрым программаларын токтотууну чечкенин билдирип, агенттиктеги радикалдык көз караштагы адамдарды кызматтан алуу чараларын көрүп жатканын маалымдаган.