www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БРИКСтин Түштүк Африка Республикасындагы жолугушуусу бирикменин тарыхындагы маанилүү этап болуп калат жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тилектештигин бекемдейт. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин билдирди.

«Бирикмеге катышкан мамлекеттердин лидерлеринин азыркы саммити БРИКС механизминин өнүгүү тарыхындагы маанилүү этап болуп калат, ал өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ортосундагы ынтымакты жана кызматташтыкты дагы да жогорку деңгээлге чыңдайт деп ишенем, ” деди Си Цзиньпин.

Анын айтымында, «бүткүл планетада тынчтыкты биргелешип өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн» Африка мамлекеттеринин бийлигинин эң жогорку тобу менен өз ара аракеттенүүгө даяр.

БРИКСтин саммити Түштүк Африкада 22-24-август күндөрү өтөт.

БРИКС – 2006-жылы июнь айында Бразилия, Россия, Индия жана Кытайдын экономика министрлеринин катышуусунда Санкт-Петербург экономикалык форумунун алкагында түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Кийинчерээк ага Түштүк Африка Республикасы кошулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости