www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cириядагы Башар Асад режими жана аны колдогон чет элдик террорист топтор, ок атышпоонун корголушу үчүн жетишилген Сочи меморандумуна карабастан «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынин» ичиндеги жарандык отурукташууларга кол салууларын улантууда.

Режим жана Иран колдогон чет элдик террорист топтор, «Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынин» ичинде орун алган жана Сочи макулдашуусуна карата оор куралдардан тазаланган аймактагы жарандык отурукташууларга оор куралдар менен кол салуусун улантууда.

Асад режими жана колдоочулары эртең мененден бери Идлибдин түштүк элет жериндеги Жерженаз жана Темание жергелери менен Сукейк, Ум Желал, Тел Меннис, Хиш, Баболин жана Катра айылдарына замбирек жана гранатамед окторун жаадырды.

Кол салуулар боюнча каза болгон же жарадар болгондордун маалыматы бөлүшүлгөн жок.

17-сентябрда кол коюлган Сочи меморандумунан бери режимдин кол салууларынан жалпы 25 жаран каза тапты, ондогон жаран жаркат алды.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости