www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алешемдиктерди кетирип атышат. Андан сабак албай атышат. Кайра эле эски пластина айланууда. Жаңы кадрлар жамырап өсүп жатса да карт бөрүлөр казынаны олчойто кемирип олтурушат. Маселен каржы министри Касымалиевди эле алалы.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудагы жана «Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун аудити жөнүндө КРнын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-чаралар планын» аткаруудагы кетирген кемчиликтери үчүн» Каржы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш берди.
Бирок, Касымалиевдин бети деле кызарган жок, баягы какшык сөздөгүдөй «сөгүш дешти, бирок, эч ким деле сөккөн жок» деп келтейип басып кетти. Адылбек мырза буга кенебейт, себеби, бети «бетондон» да калың да… Бечара киши үйүм, машинем жок деп декларация толтуруп жатты эле. Бул «кедей» Касымалиев тоюнгуча өлкөнүн капчыгы дагы канчага эңшерилээр экен?
Булак: “Де-Факто”