www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү Сокулук РИИБге Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, чала тааныш Ж.Н. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Арызында ал, 2026-жылдын 15-февраль күнү шектүү анын ишенимине кирип, жалпы суммасы 3 853 000 (уч миллион сегиз жүз элүү үч миң) сомго бааланган, 39 баш койду, эгиз козулуу бир баш “Арашан” пародасындагы койду, ошондой эле беш жаштагы карагер түстөгү бир баш айгырды карызга алып, бүгүнкү күнгө чейин акчасын төлөбөй, уюлдук телефонун өчүрүп, из жашырып жүргөнүн билдирген.

Бул арыз катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жаран аныкталып, ал 1984-жылы туулган Ж.Н. экендиги белгилүү болгон. Ал Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын Чүй облусунун аймагында башка ушуга окшогон кылмыштарга катыштыгы текшерилип жатат.

Тергөө иштери уланууда.

Жогорудагы жарандын аракеттеринен жабыркагандар болсо Сокулук РИИБге же төмөнкү телефон номуру аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: 0313 45 33 80.

Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы

Последние новости