www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калк арасына санариптештирүү саясатын жайылтуу иши — силердин түздөн-түз милдетиңер», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Бишкекте өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» республикалык конференциясында.
Мамлекет башчысы региондорду өнүктүрүүдө заманбап IT-технологияларды колдонуунун артыкчылыктарына токтолду. Ал белгилегендей, «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөт. Кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат, пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү алуу, жөлөк пул алуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктардан арылтат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат.
Президент аймактарды санариптештирүүдө өлкө аймактарындагы мектептерди интернетке туташтыруунун мааниси чоң экендигин билдирди. «Учурда өлкөдөгү мектептердин 86 пайызы же 1857 мектеп интернетке кошулган. Калган 245 мектепти интернетке кошуу ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.
Ошондой эле ал санариптештирүү жылынын алкагында калктын кеңири катмарында, өзгөчө айыл жерлеринде, жаңы технологияларды колдонуунун артыкчылыктарын түшүндүрүү үчүн кеңири масштабдуу иштерди жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg