www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.
Мамлекет башчысы коомубуз жактырган асыл максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик уюмдар менен Диний башкармалык бир ыргакта аракет кылышы керектигин, Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы өзүнүн мөөнөтүн 2020-жылы аяктарын, жаңы концепцияны иштеп чыгып, кабыл алуу зарылдыгын айтты.
«Анын мазмуну азыркы учурдун, келечектин талаптарына жооп бериши үчүн бул ишти азыртадан баштоо керек», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.