www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналисттер сураган убакта Кыргыз Республикасынын гимнин билбей уят болгон депутат Пархат Тулендыбаев бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кыргыз тилинде баяндама жасады. Кыргыз тилинде так сүйлөй албаган депутат баяндамасын “чулдурап” болсо да кыргыз тилинде окуп берди. Улуту боюнча уйгур депутаттын мунусуна ыраазы болот экенсиң. Себеби, кыргыз тилин таптакыр билбеген “киргиздерге” караганда ал кыргызча сүйлөөгө аракет кылып жатат да.

Мындан сырткары, бүгүнкү жыйында дагы бир кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албаган депутат Гүлшат Асылбекова социалдык тармактардын колдонуучулары анын кыргыз тилиндеги акцентин шылдыңдап жатышканын айтып, аны шылдыңдабастан тескерисинче колдоо көрсөтүүнү суранган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости