www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-октябрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады.

Дастан Догоев санариптик трансформация боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Мамлекеттик органдардын жетекчилери, эксперттик жана жарандык коомчулуктун катышуусу менен КР Коопсуздук кеңешинин аянтчасында иштелип чыккан «Санариптик Кыргызстан» программасынын долбоору жөнүндө маалымат берилди.

Дастан Догоев белгилегендей, көрсөтүлгөн программанын концепциясы эки негизги багытты аныктоого негизделген — бул трансформациянын санариптик эмес жана санариптик негиздери. Биринчи блок өзүнө ченемдик укуктук базаны жакшыртуу, санариптик жөндөмдөрдү өнүктүрүү, заманбап жана адаптивдүү мамлекеттик институттарды курууну камтыйт. Санариптик факторлорго инфраструктураны куруу, өлкөдө мамлекеттин жарандар менен болгон аракеттенүүсү үчүн аянтча жана зарыл болгон жеке инвестицияларды тартууга негиз түзүүгө жол берген аймактык дата-борборду түзүү кирет. Жогоруда айтылган факторлордун бардыгы өлкөдөгү санариптик экономиканын өнүгүүсүнө негиз болуп берет.

Дастан Догоев Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн технологияларын таратууга жана үйрөнүүгө көмөктөшүүсү керектигин белгиледи. Ал үчүн өлкө технологиялык трансфердин эл аралык борбору болушу үчүн бардык шарттарды түзүү керек. Иштелип чыккан жана тартылып келинген технологиялык чечимдер максаттын өзү болбой, компаниялар аркылуу сиңирилип, кийин башка өлкөлөргө экспорттолушу керек.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, бүгүнкү күндө санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен 7си толугу менен ишке ашырылды, 17 долбоор иш процессинде, калган 9 долбоор боюнча каржылоо булактарын издөө жумуштары жүрүп жатат.

Маалыматты угуп, Президент Сооронбай Жээнбеков инвесторлорду тартуу жана аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушту активдештирүү, алардын аткарылышын катуу көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү санариптик трансформация маселесин жылдыруу маселесинде тез жана жетишерлик жыйынтыктар керектигин белгиледи.

«Санариптик трансформация, мамлекетибизге жана элибизге абадай керек. Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү зарыл. Бардык жумушту тез аткарыш керек», — деп Президент белгилеп, Дастан Догоевди ушул процесстердин баарын тездетиш үчүн коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындаганын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптик трансформацияга байланыштуу долбоорлордун кечеңдеп жатышы байкалганын белгиледи.

«Бардык тоскоолдуктар жоюлушу керек. Санарипке өткөрүү биздин жарандарыбыздын жашоосун жеңилдетип, справка бергенден баштап, мамлекеттик органдар ортосундагы документ алмашуу процессине чейин жашоонун бардык тармактарын камтышы зарыл», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков маалыматтык технологиялар жана санариптик трансформация технологиялык өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы жана өлкөнүн экономикасынын атаандаштык жөндөмүн, жарандардын жашоо деңгээлин жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзүшү керектигин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости