www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын президенти: “Мен мамлекет башчысымын. Катаал күрөшкө дайыма даярмын!”

Сооронбай Жээнбековдун президенттик мөөнөтүнүн алгачкы жылы да аягына чыгуу алдында турат. Калыптанып калган салтка ылайык, бул учурда өлкө жетекчилиги ишин жыйынтыктап, корутунду чыгарат эмеспи. Буга чейин мамлекет башчыларыбыз өкмөттүк ЖМКларда жыл жыйынтыгы туурасында сөз кылаар эле. Сооронбай Жээнбеков бул салттан четтеп, Кыргыз Республикасынын Президенти катары алгачкы интервьюсун мамлекеттик телеканалдарга же өкмөттүк гезиттерге эмес, көз карандысыз 24.kg маалымат агенттигине берди. Анын жүрүшүндө өлкө лидери жеке турмушуна байланышкан суроолорго да жооп берүүдөн баш тарткан жок.

Жетишкендиктер жөнүндө

- Сооронбай Шарипович, президенттик мөөнөтүңүздүн алгачкы жылы да артта калды окшойт. Мамлекет башчысы катары башкы жетишкендигиңиз деп эмнени айтаар элеңиз?

- Президенттик ишимдеги артыкчылыктуу багыттар - региондорду өнүктүрүү жана коррупция менен күрөшүү десем болот. Бул эки көйгөйдү чечүү оңой-олтоң иш эмес, антсе да, булар жалпы президенттик мөөнөтүмдөгү өзөктүү маселелерден болмокчу. Эмне үчүн региондорду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл деп жатам? Анткени өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсү болгону бир-эки регионго байланып калган. Мамлекеттин эки негизги шайманы – салык-бюджеттик саясат менен акчанасыялык саясат – аймактарды өнүктүрүүгө түрткү боло алган жок. Экономикалык саясат тармактык принциптерге гана негизделип, региондордун өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келген эмес. Облустарды салыштыра келгенде тең салмактуулуктун жоктугу ачык эле көзгө урунат – алардын бири өсүп-өнүгүп жатса, экинчиси абдан эле артта калган. Анткен менен бардык айылдар бирдей өнүккөн учурда гана жалпы өлкөбүздө экономикалык өсүшкө жетсе болоорун билебиз. Ушул себептен улам өз ишимде региондорду өнүктүрүүгө басым жасап жатам. Бул максатта бардык мамлекеттик каржы институттары өз каражаттарын айылдык ишкерлерди колдоого, алардын кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачышы, экологиялык жактан таза продукцияны экспортко жөнөтүшү үчүн багыттап жатышат. Ушул жылы Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фонду (КОӨФ) берген насыялардын 68 пайызы регионалдык долбоорлорго жумшалды. Эми фонд өзү региондук долбоорлорду издеп, ишкерлерди кызматташууга чакырууда. Бул фонддун талаптары өтө жогору болгондуктан, анын каражаттары ири бизнеске гана жумшала тургандай сезилип калган. Нарын облусунда болгон учурда мен ийгиликтүү бизнесмендерибизге өз региондорун колдоого алууну сунуштадым.

Мисалы, Нарындын эң мыкты дарамети бар. Бул жерде булгаарыны, сүттү, жүндү, этти кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Биздин, кыргыздардын, жакындарыбызга дайыма кол кабыш кылып, керек учурда сүйөп-таяп келген салтыбыз бар. Регионду көтөрүүгө салымын кошууга даяр, бирок, муну кантип ишке ашырууну билбей жүргөн адамдарыбыз бар экенин билем. Болгону муну туура уюштуруп, ресурстарды мобилизациялоо зарыл. Карапайым жарандар күрөөгө кое турган эч нерсеси жок болгондуктан өнүктүрүү фондунун гана эмес, башка банктардын да насыяларынан колдоно албай жатышат. Бизде байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым так ушундан жаралууда. Ал эми мамлекеттик бийлик дал ушул кыйналып жашап жаткан жарандарынын жашоо деңгээлин жакшыртууга тийиш. Биздин максат – жакырчылыкка каршы күрөшүү. Ар бир үй-бүлөнүн туруктуу кирешеси болушу керек.

Мигранттар, ташталган балдар жана кары-картаңдар жөнүндө

-Региондорду өнүктүрүү мигранттарыбыздын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөкчү боло алабы?

- Абдан маанилүү суроо. Ички жана тышкы миграция – бул социалдык жана экономикалык көйгөйлөрдүн жыйындысы. Анын таасири азыр гана эмес, келечекте да бир топ сезилээрлик боло тургандыгы шексиз. Балдар үйүндө же карылар үйүндө болгон кезде биз кандай абалда экенибизди түшүнөсүң. Кыргыздар качан ата-энесин интернатка өткөрүп, балдарын балдар үйүнө калтырып кетчү эле? Балдарыбыз үй-бүлөдө эмес, балдар үйүндө тарбияланып жатат. 17 жылдан кийин аларды көчөгө чыгарып салабыз. Интернаттагы ар бир бала үчүн мамлекет айына 12 миң сом жумшайт. Бул каражатты баланы асырап алган үй-бүлөгө берсек эмнеге болбосун. Ошондо балдар үй-бүлөдө, ата-энесинин кашында жашамак. Бизде балдарды багып алууну каалагандар көп, бирок бюрократия менен коррупция буга бут тосууда. Ушул маселени жакында укук коргоочу Назгүл Турдубекова менен талкууладык. Чынымды айтсам, ушул айымга окшогон адамдар бар үчүн өлкөбүз бар десем болот. Мекендештер кеңеши түзүлдү. Россиядагы, Түркиядагы жана башка өлкөлөрдөгү мекендештерибиз келип, өлкөбүздүн экономикасына салымын кошконго даяр. Биз региондордо ишкана ачууну каалагандардын бардыгына колдоо көрсөтөбүз. Азыр биз административдик-аймактык реформаны ишке киргизүүгө даярданып жатабыз. Азыркы төрт баскычтуу башкаруудан үч баскычтуу башкарууга өтүшүбүз керек. Региондорду өнүктүрүү концепциясынын алкагында жыйырма шаар өсүү түйүндөрү катары тандалып алынды. Чакан шаарларды өнүктүрүү менен борбор шаарыбыздагы чыңалууну кыйла азайта алабыз. Коррупция менен күрөшүү жөнүндө Коррупция менен күрөшүүгө келсек, бул процесс да жеңил-желпи аткарыла турган иш эмес. Өзүңөр көрүп тургандай, коррупция менен күрөштүн мурунку санаалаштарыма да тиешеси бар болуп чыкты. Азыркы тапта катуу тирешүү болуп жатканын сезип жатабыз, бирок мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турушу керек. Коррупция жашообуздун бардык жактарына терең аралашып калган, бирок аны менен күрөштү улантабыз. Бул күрөштө элибиздин, бийликтин бардык бутактарынын, жарандык коомдун колдоосу абдан маанилүү. Өз кезегинде биз ишибизди бардык ЖМК, жарандык коом менен биргелешип ачык-айрымдуулук принцибине таянуу менен улантмакчыбыз. Тирешүүдөн тышкары мен элибиздин жетишерлик колдоосун да сезип жатам.

Мына, айрымдар бизде, мисалы, Армениядагыдай радикалдуу реформалар болбой жатат деп жатышат. Бирок бизде деле “кансыз” реформалар жүрүп жатпайбы. Биз акырындык менен элдин бийликке болгон ишенимин калыбына келтирип жатабыз деп ишенимдүү айта алам. Буга чейин кетирилген кемчиликтер менен жетишпестиктерди оңдоп, жакшы саамалыктарды улантуудабыз. Өлкөдөгү ырааттуулукту сактоо үчүн оң натыйжа берген иштерди улантуу зарыл. Мен ишти бийликтин бардык бутактары биргелешип иштей тургандай кылып уюштурууга умтулам. Өкмөт менен Жогорку Кеңеш мамлекеттин ишмерүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча биргелешип иш алпарып жатат. Парламентаризм принциптерин, демократиялык коомду бекемдөө, сөз эркиндигин коргоо - президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Улантылышы керек болгон долбоорлор жөнүндө Коомубуз калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасында адам факторун жокко чыгарууга багытталган долбоорлордун ишке ашырылуусун күтүүдө. Бул максатта “Электрондук өкмөт” долбоору ишке ашырылат. Анын алкагында министрлик менен ведомстволордун бардык маалымат базасын бириктирген “Түндүк” системасы ишке киргизилет. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү ишке ашырса болот. 25 мамлекеттик органда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн биринчи кезекте керектүү болгон 82 базасы аныкталды, аларды 2018-2019-жылдары ишке киргизүү зарыл. 2018-жылдын аягына чейин 45 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн маалымат базасын түзүү боюнча иштер аягына чыгарылат. 25 министрлик менен ведомство “Түндүк” аттуу ведомстволор аралык иштешүү тутумуна киргизилген. Бүгүнкү күндө 8 мамлекеттик орган электрондук режимде маалымат алмашып турат. Өкмөт 2012-жылдан бери аягына чыгарылбай келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке киргизет. Жакында эле “Вега” компаниясы менен анын биринчи этабын ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Өз убадалары жөнүндө

- Сиздин шайлоо алдындагы убадаларыңыз эсиңиздеби? Алардын кайсылары аткарылды, ал эми кайсыларын жакынкы беш жылда аткара албай калам го деп кооптоносуз?

- Албетте, өзүмдүн шайлоо алдындагы убадаларым эсимде. Алар ойдон чыгарылган нерсе эмес, премьер кезимде аткарып жаткан иштеримдин логикалык уландысы болчу. Канткен менен ал учурда мен өлкө деңгээлиндеги маселелерди кылдат изилдеп чыккан элем. Мисалы, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо көйгөйүн алалы. Таза суу менен камсыз кылуу стратегиясынын алкагында келечекте 650 калктуу конушта суу объектилери курулуп, ремонттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Жакынкы беш жылда өлкөнүн бардык региондору таза ичүүчү суу менен камсыз болот. Калкты таза суу менен камсыздоо – бул мамлекеттин коопсуздугуна байланышкан маселе эмеспи. Айылдардын 50 пайызында ичүүчү суу жеткиликтүү эмес болуп турган учурда туризмди өнүктүрүү тууралуу сөз кылууга болобу?

Ошондой эле ирригация маселеси да абдан маанилүү болуп турат. Бул боюнча атайын мамлекеттик программа кабыл алынган. 2023-жылга чейин 31 ирригациялык объектини куруу боюнча иштердин аягына чыгуу пландалууда. 2026-жылга чейинки мамлекеттик программага киргизилген ирригациялык объектилер каржы булактарынын аныкталышына жараша үч топко бөлүнгөн. Биринчи топко каржы булактары аныкталган ирригациялык объектилер кирет. Азыркы тапта $32 миллион сомдук Кытай Эл Республикасынын (КЭР) грантынын эсебинен алты объект, ал эми Ислам өнүктүрүү банкынын $13,3 миллион сомдук насыясынын эсебинен бир объект боюнча келишим түзүлдү. Экинчи топко эл аралык уюмдар, донорлор жана инвесторлор менен (Ислам өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Араб координациялык тобу, Экономикалык өнүгүү фонду, Түштүк Корея ж.б.) сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан объектилер киргизилген. 2023-жылга чейин эки этап боюнча иштерди бүтүрүп, жалпы суммасы $259,1 миллион болгон 31 ирригациялык объектини пайдаланууга берүү сунушталууда. Кошумча түрдө 27 миң гектар жаңы сугат жерлерин ишке киргизүү, 40 миң гектар аянттагы жердин суу менен камсыз болушун жакшыртуу пландалууда Үчүнчү топтогу объектилер үчүн каржылоонун ички жана тышкы булактарын издеп, эл аралык каржы уюмдары, донорлор жана инвесторлор менен иштешип жатабыз. Бул топко киргизилген объектилер кийинчерээк ишке ашырылмакчы.

Дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгын жогорулатуу маселеси дайыма көңүл борборунда. Үй-бүлөлүк медицина кызматкерлеринин айлыктарын көтөрдүк, кийинки кезек – стационарлардын кызматкерлеринде. Үгүт иштери учурунда шайлоочулар конкреттүү фактылар менен реалдуу сандарга анчейин көңүл бурбай тургандыгын байкаган элем. Алар талапкерлердин кооз сөздөрүнө, курулай убадаларына көбүрөөк ишенишет. Ушундай жолугушуулар учурунда мен программамды бир аз өзгөрттүм. Үгүт иштери учурунда мугалимдердин айлык акысын көтөрүү жөнүндө маселе көп көтөрүлдү. Менин оппоненттерим мугалимдердин айлык акысын 25 миң сомго жеткиребиз деп убада беришкен. Мен болсо бул көрсөткүчтү 26 миң сомго чейин жеткирем деп айткам. Убадама туруп, президенттик мөөнөтүм ичинде бул иштин өтөөсүнө чыгам деп турам. Мамлекеттик ипотекалык программаны мен премьер кезимде эле ишке ашыра баштаган болчубуз. Башында ипотекалык насыя 14 пайыздык чен менен берилген, андан кийин 12-10 пайызга чейин төмөндөтүлүп, кийинчерээк 8 пайызга чейин азайтылды. Азыр МИН бул көрсөткүчтү 7 пайызга чейин түшүрүүнүн үстүндө иштөөдө. Мындан тышкары, ипотекалык программаны каржылоону көбөйтүү ниетибиз бар. Пайыздык ченди дагы азайтабыз. Бул программага бюджет чөйрөсүндө иштегендер гана эмес, башка жарандарыбыз да камтылышы керек.

Шайлоо алдындагы кампания учурунда мен куру убада берүүдөн алыс болдум. Мен берген убадалардын бардыгын аткарууга мүмкүнчүлүк бар жана алар акырындык менен ишке ашат. Мисалы, региондорду өнүктүрөм деп убада берген элем. Ошондон улам президенттик мөөнөтүмдүн биринчи жылы дал ушул региондордогу көйгөйлөрдү чечүүгө арналууда. Бирок бул иш ушул жыл менен гана чектелип калбайт.

Кендирди кескен карыздарыбыз жөнүндө

- Бүгүнкү күндөгү эң бир олуттуу маселелердин бири – тышкы карызды тейлөө маселеси болуп саналат. 2023-жылдан тартып, Кыргызстан жыл сайын $320 миллион карызын төлөй баштоосу керек болот. Белгилүү болгондой, тышкы карыздардын басымдуу бөлүгү транспорттук жана энергетикалык тармактарга жумшалды. Булар – Кытайдын Эксимбанкынын насыялары. Кыргызстандын насыясыз жашап, карыздарын төлөп берүүгө чамасы барбы?

- Азыркы тапта Кыргызстандын тышкы карызы $3,8 миллиард. Тышкы карыздардын негизги үлүшүн – жалпы тышкы карыздын дээрлик 98 пайызын - жеңилдетилген насыялар түзөт. Насыялар өлкөнүн социалдык жана экономикалык турмушунун маанилүү чөйрөлөрү болгон транспорт инфраструктурасы (жолдорду куруу жана реабилитациялоо), энергетика (электр станцияларын реконструкциялоо, энергетикалык түйүндөрдү куруу), айыл чарбасы, суу менен камсыздоо, билим берүү жана саламаттык сактоо сыяктуу маанилүү жааттарын өнүктүрүүгө багытталууда. Чындыгында эле тышкы карыздын негизги бөлүгүн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын суммасы 1,7 миллиард долларлык насыясы ээлейт. Тышкы карыздын туруктуу болушунун негизги эрежелеринин бири – ИДПнын номиналдуу өсүшү алмашуу курсуна ылайык улуттук валютада чагылдырылган тышкы карыздын номиналдуу өсүшүнөн жогору болушу керек. Бул эрежени так кармануу аркылуу акыркы жылдары тышкы карыздын көрсөткүчүн төмөндөтө алдык. Тактап айтканда, 2015-жылы бул көрсөткүч 64% болсо, азыр 49 пайызга түштү. Мыйзамга ылайык, бир булактан алынган насыя жалпы тышкы карыздын көлөмүнүн 50 пайызынан жогору болбошу керек. Биз карыздардын жеңилдетүүнүн минималдуу деңгээли (грант-элемент) 35 пайыз болгон шартта гана насыя алабыз. Ал эми тышкы насыялардын кандайча өздөштүрүлүп жатышы – башка маселе. Биз техника-экономикалык негиздеме (ТЭН) иштеп чыгуудан тартып, ишке берилгенге чейинки бардык иш-аракеттерге катуу талап коюп, көзөмөлгө алуубуз керек. Мисалы, Бишкек-Кара-Балта трассасынын ремонтунун сметасы адегенде $82 миллион деп бекитилген. Текшерүүдөн кийин бул сумма $70 миллионго чейин төмөндөдү. Карызга алынган каражаттын ар бир тыйынына көзөмөл кылуу зарыл. Эгер мен, премьер-министр, спикер, министрлер талапты катуу коюп, мыйзам чегинде гана иш алпара турган болсок, башкалар да биздин артыбыздан ээрчийт.

Өкмөттүк аткаминерлер жөнүндө

- Өкмөттүн ишин кандайча баалайт элеңиз? Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сиздин ишенимиңизди актап жатабы?

-Биз Мухаммедкалый Дүйшекеевич менен өкмөттүн курамында бирге иштегенбиз. Мен Ош облусун жетектеп турганда ал Социалдык фонддун төрагасы болчу. Андан кийин премьер-министр кезимде ал биринчи вице-премьер-министр болуп иштеди. Азыр анын ишине сын айтылып жатат. Бирок мен аны жакшы билем. Ал иштин майын чыгарган, милдеттерине калбаат мамиле кылган, курулай көкүрөк кагуудан алыс адам. Биздин жарандар али пландагы нерселерди жарнамалап, мактанып, пиар кылып жиберген учурларга көнүп калса керек. Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин иштегенине болгону жарым жыл гана болду. Өзүм убагында өкмөттө иштегендиктен алгачкы иштеген айларда эле мыкты экономикалык көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүн эмес экенин жакшы билем. Өкмөттүн ишин бир жылдан кийин, ал берген отчетко жараша баалайбыз. Жетекчи адам билимдүү, таланттуу, тажрыйбалуу жана чет тилдерди билген гана инсан болбостон, абийирдүү, чынчыл да болушу зарыл. Коррупция менен аеосуз күрөшүп жаткан азыркы тапта чынчылдык деген түшүнүк курулай сөз болуп калбашы керек. Эгер аткаминер абийирдүү болбосо, анын ишинен мамлекет зыян гана тартат.

- Сооронбай Шарипович, шарттан пайдаланып, Кыргызстандын 35 коррупционеринин тизмеси тууралуу сурабай койсок болбос. Сиз алардын аты-жөнүн элге жарыялап, паракорлорду жоопко тартып, мунун аркасы менен өлкө бюджетин толтурам дегенсиз. Бул тизме качан ачыкка чыгарылат?

- Бул тизме бар. Алардын айрымдары боюнча компетенттүү органдар иштеп жатышат. Башкалары өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок мен кимдир-бирөөнү коррупционер деп бүт өлкөгө жарыялап жибергеним туура эмес болуп калат. Мыйзам деген бар, айыпсыздык презумпциясы деген бар. Колунан кармап албагандан кийин ууру деп айта албайсың дегендей. Антсе да, эгер мындай тизмени түзө турган болсок, анда 35тен кыйла көп адам боло турганын баарыбыз эле билебиз.

- Анда суроону башкача түрдө берсем: тергөөчүлөр, Коррупцияга каршы кызмат, УКМК, Финпол бул ысымдарды убагы келгенде ачыктайт деп үмүттөнсөк болобу?

- Албетте. Мен жеке өзүм да бул маселени көзөмөлгө алам. Кантсе да коррупцияга каршы күрөш жаңы гана башталып отурбайбы. Коомдо резонанс жараткан кылмыш иштери – айсбергдин көрүнгөн гана бөлүгү. Силер райондук деңгээлде адамдар коррупциядан канчалык жабыр тартып жатканын, орто деңгээлдеги аткаминерлер паракорлуктун, бюджеттик каражаттарды жеп алуунун сазына батып калганын билесиңерби? Биз бул күрөштү коррупционерлерди соттоп, отургузуп салуу үчүн эле эмес, жалпы элге өлкөдө акчаны маңдай тери менен табуу керек экендигин түшүндүрүү максатында да жүргүзүп жатабыз. Буга чейинки калыптанып калган стереотиптерди жок кылууга мезгил жетти. Мамлекеттин акчасы – жеке чөнтөгүң эмес. Калыптанып калган схеманы талкалап, ачык-айкындуулукту камсыздап, мамлекеттик органдардагы адам факторун электрондук башкарууну ишке киргизүү жолу менен четтетүү зарыл. Мунун баарын токтотсо болот. Биз бул милдеттин өтөөсүнө чыгабыз.

Бишкек ЖЭБин жаңылоо боюнча кылмыш иши жөнүндө

- Бишкек ЖЭБин жаңылоо - быйылкы жылдын эң башкы коррупциялык иши болуп калды. Сиз, премьерминистр катары, тийиштүү документтерге кол койгонсуз. Башкача айтканда, бул маселени башкаларга караганда ичинен тереңирээк билесиз го дейм. Төрт кылмыш иши козголду, энергетика тармагынын жети мурунку топ-менеджерлери камалды. Мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, ошондой эле парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев камакта отурушат. Алардын эч кимиси күнөөсүн мойнуна алган жок. Күч түзүмдөрү кыска мөөнөттө бул иштердин бетин ачабыз деди эле, бирок УКМКнын өтүнүчү менен камакта отуруунун мөөнөтү улам узартылууда. Айыпталуучулардын жактоочулары алар коргоп жаткан адамдар менен эч кандай тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн жок деп айтып чыгышты. УКМК жетекчилиги иликтөөнүн жүрүшү туурасында сизге рапорт берип турса керек. Сиз күч органдарынын баяндамаларына ишенесизби? Соттордун адилеттүүлүгүнө жана калыстыгына ишенесизби?

- Камакка алууда эч кандай саясий себеп жок экендигин дагы бир ирет белгилеп коюу керек. Мен бул туурасында буга чейин эле бир нече ирет айтып келгем. Укук коргоо органдарынын ЖЭБны реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштерин козгоо жана тийиштүү адамдарды камакка алуу үчүн жетиштүү жүйөөлөрү жана себептери бар болчу. Кылмыш иштери абдан көлөмдүү. Мамлекетке келтирилген зыян абдан чоң. Алардын аркасы менен олуттуу каржылык каражаттар чыгарылып, айрым мурунку аткаминерлер байып жаткан көптөгөн коррупциялык схемалар аныкталууда. Иш абдан көп. Көптөгөн кылмыш иштери боюнча тергөөчүлөр тобу түзүлдү. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Өзүңөр түшүнүп тургандай, соттук-курулуш экспертизалары менен аудиторлук текшерүүлөрдү кыска мөөнөттө бүтүрүүгө мүмкүн эмес. Буга белгилүү бир убакыт талап кылынат. Бардык кылмыш иштери мыйзамда белгиленген мөөнөттө аягына чыгарылат деп үмүттөнөм. Азыркы тапта жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн объективдүү экендигине күмөн санаганга эч кандай негиз жок. Тергөө органдары менен сот бүт маселелер боюнча калыс териштирип, бардык далилдерди изилдеп, ар бир айыпталуучунун иш-аракеттерине юридикалык баа берип, жоопкерчилигин аныктайт деп ойлойм. Албетте, азыр силерге бардык маалыматты ачыктай албайм, бирок, мендеги маалыматка таянып айта турган болсом, жагдай жакшы эмес. Коррупциянын масштабын эске алсак, Бишкек ЖЭБдагы авария боюнча иш саз сыяктуу бардыгын соруп бараткандай жана улам жаңы ысымдар менен толукталууда. Иши тергелип жаткандардын жактоочулары бар жана алар өз таламын талашууга аракет кылып жатышат. Албетте, бул - алардын укугу. Мен күч органдарынан болгону иликтөө иштери калыс болсун деп талап кылып жатам.

Күч органдары тууралуу

- Жыл башындагы Коопсуздук кеңешинин отурумунда сиз баарынан мурда күч түзүмдөрүндө коррупцияга каршы реформа жүргүзүүнүн зарылдыгын айтып чыккан элеңиз. Андан бери сегиз ай өттү. Бул мезгил ичинде эмнелер аткарылды? Реформанын натыйжасында УКМКда, ИИМде, Финполдо, сот тутумунда эмнелер өзгөрөт?

- Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимдерин аткаруу боюнча 40 иш-чара өткөрүлдү. Биринчиден, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган ченемдик укуктук база жаңыланууда. Анын ичинде “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзам долбоору өз убагында иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн. Азыр ал биринчи окуудан өттү. Жылдын аягына чейин депутаттар аны кабыл алат деп үмүттөнөм. Бул мыйзам долбоорунда милиция органдарына, Каржы полициясына, бажы кызматына жана жаза аткаруу кызматына кабыл алынуу, кызмат өтөө жана кызматтан бошотуунун бирдиктүү тартиби каралган. Ошондой эле буга чейин республикабызда пайдаланылбаган көптөгөн коррупцияга каршы чаралар да камтылган. Мисалы, укук коргоо органдарынын колу туткак кызматкерлери мыйзамсыз жол менен ээ болгон мүлктү пайдалануусуна олуттуу тоскоолдуктарды жараткан жаңы ченемдер менен механизмдер киргизилүүдө. Ушундай эле түзөтүүлөр иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызматкерлери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзам долбоорлоруна да киргизилген. Алар Коопсуздук кеңешинин чечимдерине ылайык прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн чектөөлөрдү камтышат. Мындан тышкары, сот аппараттарынын кызматкерлери үчүн да бир катар чектөөлөрдү караган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Коррупцияга каршы реформанын берки жагы – укук коргоо органдарынын кызматкерлерине берилген социалдык кепилдиктерди жогорулатуу иши Жогоруда сөз болгон мыйзамдардын укуктук тартип органдарынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу жана социалдык кепилдиктерди камсыздоо жаатындагы жоболорун ишке ашыруу үчүн жылына кошумча түрдө 2 миллиард 700 миллион сомдон ашуун каражат каралган. Реформалоонун алкагында ички иштер органдарынан прокуратурага кылмыш-жаза укуктук статистиканы жүргүзүү боюнча бардык функциялар берилгендигин белгилеп койгум келет. Айрым учурларда кылмыш ишине тиешеси жок экендиги туурасында соттун чечими ал адам ТИЗОдо тергөөнүн аякташын күтүп отуруп майып болуп калгандан кийин берилген фактылар бар. 2019-жылдын 1-январынан тартып кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестринин электрондук системасы ишке киргизилет. Азыркы тапта аны ишке киргизүү боюнча жигердүү аракеттер көрүлүүдө. Бул тутум соттук, көзөмөлдүк жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн айкындуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Коомчулук менен жарандар алардын арыздары кандайча каралып жатканына жана кылмыш-жаза процессине түздөн-түз көз салып турууга шарт түзүлөт. Эч ким жылдар бою ТИЗОдо тергөө менен соттун аякташын күтүп отурбай турган болот. Бул чаралар жаап-жашырылган кылмыштардын санын кыйла азайтууга шарт түзөт. Укук коргоо органдарынын түзүмүн жана штаттык санын оптимизациялоо жүргүзүлүүдө. Ички иштер министрлигинин, ички иштер органдарынын облустук башкармалыктарынын борборук аппараттары кыскартылып жатат. Бошогон штаттык орундардын эсебинен участкалык милиция кызматкерлери менен жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун саны көбөйтүлөт. Участкалык инспекторлор ар бир айылда, ар бир көчөдө иш алпарышы керек. Мектеп рэкетин токтотууга мезгил жетти. Ар бир укук коргоо органында ички иликтөө кызматтары бар, алар “арты таза эмес” кызматкерлерди аныкташат. Биз азыр коррупция менен ийгиликтүү күрөшкөн өлкөлөрдөгү аткаминерлердин декларацияларына болгон талаптарды изилдеп жатабыз. Мен өзүм да тийиштүү жумушчу топ менен тыгыз иштешип жатам.

Тышкы саясат жөнүндө

- Эми тышкы саясатка келсек. Сиздин чет өлкөгө болгон иш сапарларыңызды талдап көрсөк, Кыргызстан тышкы саясатта көп векторлуу саясатты, ал эми регионалдык саясатта – тынчтыкта жанаша жашоо принцибин карманууну улантып жаткандыгы анык. Бирок Борбордук Азия өлкөлөрүндө чечилбеген көйгөйлөр, анын ичинде чек арага, суу ресурстарына, соода мамилелерине ж.б. байланышкан маселелер көп эмеспи...

- Быйыл биз биринчи кезекте стратегиялык өнөктөштөр жана кошуналарыбыз болгон Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Түркия, Түркмөнстан, Европа Биримдиги институттары менен эл аралык, тышкы саясаттагы мамилелерибизди калыбына келтирүү, жакшыртуу жана бекемдөө боюнча ырааттуу иштерди аткардык. ЕАЭБ алкагында Россиядагы кыргызстандык мигранттардын эмгек шарттары жакшыртылды. Россия президенти Владимир Путин менен болгон көптөгөн жолугушуулардын жана талкуулардын натыйжасында россиялык миграциялык кызматтардын кара тизмесине кирип калган мекендештерибизге карата миграциялык амнистия жарыяланды. Сентябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Азербайжандын президенттеринин жана Венгриянын премьер-министринин катышуусу менен Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлдү. Бул иш-чаралар Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдеди. Эми кийинки этапта буга чейинки жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана өлкөгө инвестицияларды тартуу иштери колго алынат. Эл аралык аренада жана кошуна мамлекеттер менен мамилелер калыбына келтирилип, позитивдүү нукка түштү. Ал эми регионалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммити жакшы аянтча болуп калмакчы. Бул – кошуна мамлекеттердин баарлашуусу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болуп саналат. Биз кереге кеңештин жүрүшүндө көптөгөн регионалдык маселелер боюнча баарыбыздын кызыкчылыктарыбызга төп келген чечимдерди табабыз. Келечекте саммит кошуна өлкөлөргө бирге иштешүүгө жана өнүгүүгө жардамын тийгизет деп ишенем. Ал эми чек араны делимитациялоо жана демаркациялоого келсек, Өзбекстан менен жалпы чек аранын 85 пайызын делимитациялоо процесси аягына чыкты. Калган 15 пайызы боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Менин маалыматым боюнча, бул жаатта жакшы илгерилөө бар. Тажикстан менен да мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча олуттуу иштер аткарылууда. Соода мамилелерине байланышкан маселе жөнүндө. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү жана бекемдөө зарылдыгы менен шартталгандыгын белгилеп койгум келет.

Бийлик азгырыгы жөнүндө

- Кыргыз элинин журт башчыларынын адилеттүүлүгү жөнүндө макал-лакаптары менен накыл кептери арбын. Сиз чечим кабыл алаарда ким менен кеңешесиз? Чечимдериңиз туура экенине дайыма эле көзүңүз жетип турабы? Жакын адамдарыңыз, туугандарыңыз, досторуңуз же аппарат кызматкерлери айткан маалыматты кайра текшерип турасызбы?

- Кайсы кыргыз макалын албайлы, алардын баары эң таамай, так айтылып, турмуштук зор мааниси бар экендиги айкын. Мисалы, «Ыймандуу бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок», «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат», «Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба», «Кыңыр иш кырк жылда да билинет» ж.б. Региондордо эл менен жолугушкан учурларда Конфуций тууралуу окуяны көп мисал келтирем. Илгери Кытайдын башкаруучуларынын бири өлкөдө уурулук өтө күчөп кеткенине кыжаалат болуп, Конфуцийден кеңеш сураганда ал: “Өзүңөр напсиңерди тыйсаңар, башкалар сыйлык берсе да уурдабай калат”, - деген экен. Кыргызча муну «Сен өзүңдөн баштап, напсиңди тыйсаң, башкалар да уурдаганды коёт» деп таамай айтса болот. Атам бизге: “Мамлекеттин укуругу узун, эртеби-кечпи, ууру кармалат», - деп көп айтчу. Мен да кадимки эле адаммын. Менден да кемчилик, жаңылыштык кетиши ыктымал, бирок, азыр президент катары катачылыкка жол берүүгө акым жок деп ойлойм. Анткени бул жалпы өлкөбүздүн жана миллиондогон мекендештеримдин тагдырына таасир этет. Мен маалыматты ар кайсы булактардан алам, кайра текшерип турам. Бирок кабыл алынган чечим үчүн жоопкерчилик менде болот. Ошондуктан мен азыр жалгызмын жана жетиммин деп коём. Эч качан бир гана адамдын пикирине же маалыматына таянып иш кылбайм. Ар кайсы жетектөөчү кызматтарда тажрыйба топтоо менен көйгөйгө ар тараптан көз салып, чечүүнү өздөштүрдүм. Алмазбек

Атамбаев жөнүндө

- Шайлоо алдындагы урааныңыз – «Көчтү улантуу» эле. Башкача айтканда, Алмазбек Атамбаевдин жолун улантуу болчу. Сиз акыркы ирет экс-президент менен качан баарлаштыңыз?

- Менин урааным кыргызча айтканда, «Кыргыз көчү жолун улайт» болчу. Бул жол – менин же сиздин, же дагы бир адамдын жолу эмес. Бул – өлкөнүн башатында турган ата-бабаларыбыздын жолу. Улуу кыргыз көчү. Ураанымдын маани-маңызында дал ушул нерсе турат. Журт башчылары, президенттер келет-кетет, эл жана анын кылымдарды карыткан көчү калат. Мен дал ушул жолду улантып жатам жана уланта бермекчимин. Акыркы ирет биз 29-мартта КСДП съезди болоор алдында жолугушканбыз. Төрт сааттан ашуун убакыт маектештик. Андан бери сүйлөшө элекпиз.

- Сиз Алмазбек Атамбаев экөөңүздөрдүн ортоңуздарда эмне болгондугу жөнүндө ачык айта аласызбы? Эмне үчүн 20 жыл бою дос жана санаалаш болуп жүрүп азыр эки ача жолго түштүңүздөр?

- 31-мартта, менин инаугурациямдан төрт ай өтүп-өтпөй, президенттик жооптуу кызматымдын алгачкы кыйчалыш мезгилинде жасаган билдирүүсү мен үчүн таптакыр күтүүсүз болду. Ал мени коррупцияга тиешеси бар деп жана Бишкек ЖЭБдеги авария үчүн күнөөлөп чыкты. КСДП съездине партиянын Ош облусунан келген өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Алар – партия үчүн да, Атамбаевдин өзү үчүн да абдан оор мезгилде партиябыздын башатында турган адамдар болчу. Мен жагдайдын мынчалык тез өзгөрүп кеткенине таң калдым. Эч качан аны менен эки башка жолго түшөм деп айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана санаалаш болуп келдик. Кайсы бир адамдар аркылуу мени ээрчиме жетекчи катары көрсөтүүгө, иш-аракеттеримди башкарууга болгон аракеттери ага адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш жана санаалаш катары да абийир алып келбейт. Мага бул түшүнүксүз бойдон калды. Ал ортобуздагы 20 жылдык байланыш тууралуу көп айтат. Бирок мен бул жылдары эч нерсе кылбай эле кол куушуруп отурган жокмун да. Биз башка партиялаштарыбыз менен биргеликте партиянын позициясын бекемдөө, өзгөчө - Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында күчөтүү менен алектендик. Ошто КСДПнын рейтинги эң төмөн болуп турганда санаалаштар жана пикирлештер менен биргелешип ал жакка партиянын ячейкаларын ачтык. Кыска мөөнөт ичинде партиябыз шайлоочулардын арасында кадыр-баркка ээ боло алды. Ал “досум”, “партиялашым” деп көп айтат. Бирок чыныгы достор менен партиялаштар мындай кылбайт. Партиябыздын башына кыйын кезең келгенде, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө мен дайыма жанында болдум. Бардыгы аны таштап, качып кеткен учурда да өзүмө, үй-бүлөмө, жакындарыма жана туугандарыма туулган коркунучка карабастан, бурулуп басып кеткен эмесмин. 2009-жылы КСДП партиясынын атынан президенттикке талапкердин штабын жетектедим. Ал мезгилде ошондогу режимден коркуп, көптөр Атамбаевди ачык колдоп чыгуудан тайсалдап турушчу. 2010-жылы түштүктө болгон трагедиялуу окуялар учурунда мамлекеттин биримдигин сактоо үчүн мен мансабымды гана эмес, өмүрүмдү да тобокелге салдым. Муну курулай көкүрөк кагуу же мактануу үчүн айткан жокмун, бул – реалдуу чындык. Ал өзү да муну жакшы билет. Анын саясий технологдору мени саткын деп атагандан тажашпады. Бирок кимдин ким экендигин убакыт көрсөтөт.

- Бардык президенттерге караганда сизге көбүрөөк кыйын болду окшойт. Сиздин күчтүү оппонентиңиз алыс эмес. Ал башкалардай болуп качып кеткен жок. Алмазбек Атамбаев ЖМК аркылуу байма-бай пикирин билдирип турат. КСДП штабында да, сиздин партияңыздын атынан да атамбаевчесинен бетке чаап, кескин сын айтып келишет. Сизди мындай формадагы саясий атаандаштыктан тажаган жоксузбу?

- Мен мамлекет башчысымын. Катаал күрөшкө дайыма даярмын. Буга чейин деле эч нерсе оңой-олтоң келе калган жок. Талбаган эмгек, талыкпаган күрөш – ийгиликтин ачкычы ушунда. Мен дайыма мамлекеттүүлүктү бекемдөө, өлкөнү, парламенттик демократияны өнүктүрүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо сыяктуу негизги мамлекеттик принциптерди туу тутуп келгем жана мындан ары да аларды кармана бермекчимин. Негиздүү, жүйөлүү сынды дайыма туура кабыл алам, катачылыктарды оңдоого аракет кылам. Бул мамлекеттик ишмер үчүн кадимки эле процесс эмеспи. Башкысы – сын пикир обу жок жана курулай жаманатты кылуу максатында болбошу керек.

- Сиздин социалдык түйүндөрдө баракчаңыз бар. Ал жакта өзүңүз отурбай турганыңыз түшүнүктүү. Бирок убактыңыз болуп калганда кайсы социалдык түйүндөрдү окуйсуз, эгер аларда жардам сурагандар болуп калса, тийиштүү тапшырмаларды бересизби?

- Мага социалдык түйүндөр боюнча күнүнө жана жума сайын баяндамаларды даярдап берип турушат. Алардагы негизги темалар боюнча өз убагында маалымат алып турам. Бош болуп калган айрым мезгилде Facebook түйүнүндөгү баракчама кирип калам, бирок, андай учурлар аз болот. Иш күнүм алдыңкы маалымат сайттарын окуудан башталат. Радио угам. Кечинде үйдөн интернетке кирип, маалымат алып турам. Аппаратымдын иш күнүнүн экинчи бөлүгү 21.00дөн кийин башталат. Мен көңүл буруу, жооп берүү, жардамдашуу керек болгон кайрылуулардын, материалдардын шилтемесин жөнөтөм. Жарандарыбыздын активдүүлүгү мени абдан кубандырат. Жер-жерлердеги жолугушуулар учурда көйгөйлөрдү ачыкайрым айтып чыгышат, социалдык түйүндөр аркылуу мага кайрылуу жасашат. Бул мен реалдуу турмуштан алыстап кетпешим үчүн чоң жардам болуп саналат.

- Президенттик мөөнөтүңүздүн алгачкы жылы аяктап баратат. Үй-бүлөңүздө кандай өзгөрүүлөр болду? Балдарыңызга, жубайыңызга жаңыча шарттарда жашоодо кыйынчылыктар болгон жокпу? Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз. Кызыңыз, уулуңуз эмнелер менен алектенишет?

- Балдарым менен жубайым менин мамлекеттик кызматкер катары жашоомо жана убактымдын тар экенине көнүп деле калышты десем болот. Канткен менен көптөгөн жылдар бою ушул ыргакта иштеп келе жатпаймынбы. Өзгөргөн бир гана нерсе – эми алар мурдагыдан да көбүрөөк калктын назарында болуп калгандыгы. Биздин уулубуз жана кызыбыз бар. Кызым Бактыгүл үй-бүлөлүү. Быйыл КРСУну аяктады. Бир уулдун энеси. Күйөө балам чет өлкөдөн окуп келген, азыр өкмөттүн аппаратында эксперт болуп иштеп жатат. Уулум Иман төртүнчү класста окуйт. Карате менен машыгат, футбол ойнойт.

- Жубайыңыз Айгүл Токоева мурдагыдай эле эл алдына көп чыга бербейт. Буга чейин болгону бир-эки иш-чарага эле катышканы болбосо, көп аралашпайт. Бул анын өз чечимиби же сиздин кеңешиңизби? Биринчи айымдар макамына ылайык көбүнесе кайрымдуулук менен алектенишет эмеспи. Сиз атайылап эле аны эл көзүнөн обочо кармап жатасызбы? Жубайыңыз Биринчи айымдарга мүнөздүү болгон салтты улантабы?

- Жубайым – менин ишенимдүү тирегим. Ал балдарды тарбиялап, чакан дыйкан чарбабыз менен алектенип келет. Эл көзүндө болгонду анча жактырбайт. Ошондуктан көпчүлүккө зарылчылык болгондо гана чыгат. Ал мурдатан эле кайрымдуулук менен алектенип келе жатат. Азыр деле бул ишин калтырган жок, болгону аны эл көрсүн үчүн жасабагандыктан, купуя бойдон калышын каалайт.

- Үй-бүлөңүз менен чогуу болууга убактыңыз жетип жатабы?

- Убакыт болуп калат, бирок кээде гана. Айрым учурда дем алыш күндөрү кызым неберемди алып келип калат, анан чогуу убакыт өткөрөбүз. Ал эми иш күндөрү үйгө кеч келем. Балдарым мындай иш графигиме көнүп деле калышкан. Ошондуктан түшүнүү менен мамиле жасашат. Чынымды айтсам, мен эч нерсе кылбастан жөн эле жатып эс алганды билбейт окшойм. Мурда деле Ысык-Көлгө балдар үчүн эле эптеп барып келчүмүн. Алар бир жыл бою менин эмгек өргүүсүнө чыгышымды күтүшчү.

- Кемин районунун жашоочулары менен болгон жолугушуу учурунда сиз буга чейин белгисиз болуп келген туугандарыңыз жөнүндө сөз кылдыңыз. Ошондой эле сиздин атыңызды жамынып жүргөндөрдү жазалоого буйрук бердим дедиңиз. Инаугурациядан кийин туугандарыңызга кайрылып айткан өтүнүчүңүз, алгачкы “жарлыгыңыз” жөнүндө билсек болобу? Азыр кудаларыңыз, туугандарыңыз, айылдаштарыңыз сизге кандай өтүнүчтөр менен келишет?Алардын арасында өтүнүчүн аткарбай койгондугуңуз үчүн таарынып калгандар барбы?

- Кайсы кыргыз баласы болбосун, бир туугандарынан тышкары да тууган-туушкандары көп болот эмеспи. Сураштыра келсек, баарыбыз бири-бирибизге тууган, жекжаат болуп кетебиз деп тамашалап да жүрөбүз. Бирок мен бир туугандарыма байланыштуу кыжаалат болбойм. Анткени алар премьер-министр кезимде да, азыр да мамлекеттик ишиме таптакыр кийлигишпейт. Мен буга чейин деле кайсы кызматта болсом да өзүмдүн ишимди, милдеттеримди үй-бүлөм менен да, туугандарым менен да талкуулачу эмесмин. Бизде буга тыюу салынган. Бул – менин принцибим. Бир жолу эле кимдир-бирөө менен мамлекеттик иштер туурасында сүйлөшүп койсом, бул адат андан ары уланып кетиши мүмкүн экендигин билем. Ошондуктан, туугандарым менен кудаларымдын эч кимиси менин көзүмчө эч кандай кадрдык же башка маселелерди сөз кылбайт. Инаугурациядан кийин мен эми баарыңар мага жардам бергиле, ал үчүн ар бириңер буга чейин алектенген ишиңерди уланта беришиңер керек деп айттым. Президент болуу – бул үй-бүлөлүк эмес, абдан жооптуу жогорку мамлекеттик иш болуп саналат. Бул – менин жашоомдогу эң бир жооптуу учур. Мекендештерим мага өлкөнүн, элибиздин тагдырын ишенип, тапшырышты. Жараткандын амири менен Кыргызстандын президенти болуп калдым. Эми кыргызстандыктардын ишенимин актоо үчүн болгон күч-аракетимди, билимимди, тажрыйбамды жумшайм. Эгер кимдир-бирөө мага таарынып, мага жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнгүсү келбесе, демек, ал мага тууган да, дос да эмес. Анда аны менен кол үзүшкөнгө туура келет. Мен үчүн азыр мамлекеттик кызыкчылыктар баарынан кымбат. Мага жакынмын деген адам муну түшүнүп, өзүн ушуга жараша алып жүрөт деп ойлойм.

- Сиздин үй-бүлөңүздү ага-инилериңизден улам мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө салыштыргандар бар. Үч эркек бир тууганыңыздын ичинен сизге кимиси көбүрөөк жакын? Коомчулукта Асылбек Жээнбековго карата көбүрөөк сын айтылып келген. Эми кудаңыз Алиярбек Абжалиев тууралуу да сөздөр айтыла баштады. Көпчүлүк алар кээ бир саясатчыларга, аткаминерлерге жана карапайым адамдарга тигил же бул көйгөйлөрдү чечип берем деп убада берип жүрүшөт деп айтып жатышат. Сиз бул жөнүндө билесизби? Алар менен тез-тез эле сүйлөшүп турасызбы? Аларга жана башка туугандарга кайсы иштерге кийлигишүүгө катуу тыюу салынган десе болот?

- Үй-бүлөдө 11 бир тууган элек. Эми төрт эркек, төрт кыз болуп сегизибиз эле калдык. Бир туугандарымдын ичинен мага кичүүбүз – Жыргал иним жакыныраак. Биз баарыбыз аны жакшы көрөбүз. Ал айылда жашайт, туулган жерибиздеги үй-жайыбызды карайт. Саясат менен иши жок. Асылбек Шарипович жөнүндө ар кандай ушактар айтылып жаткандыгын билем. Ал эми жалганды чындай айтканга көнгөндөрдүн иши деп ойлойм. Биз дайыма өз ишибизди өзүбүз жасап көнгөн адамбыз. Анын эл алдында депутат катары милдеттенмелери бар. Туугандарымды мамлекеттик иштерге кийлигиштирбөөгө баарынан мурда өзүм кызыкдармын. Ушундай ушак-айыңдын айынан мен жогорку кызматтагы аткаминерлерге туугандарым аркылуу кайрылбагыла деп эскерттим. Өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын алкагындагы бардык маселелерди мен өзүм чечем. Парламент депутаты Алиярбек Абжалиев – жападан-жалгыз кудам. Аны менен тууганчылык сый мамилебиз бар. Болгону ушул эле. Алар менен балдарыбыз тууралуу гана сүйлөшөбүз. Мамлекеттик иштер тууганчылыктан тышкары болушу керек. Бул – менин башкы принцибим. Ооба, мен туугандарым менен жолугушам, баарлашам, мамиле курам. Бирок, президенттик кызматта, жана айтып өткөндөй, мен жетимдеймин, жалгызмын. Анткени жеке өзүм чечим кабыл алгандыктан, жоопкерчиликти да жеке өзүм тартышым керек болот. Мен үчүн эч ким жооп бербейт. Элибиз эки ирет үй-бүлөлүк-кландык башкарууну башынан өткөрдү. Менин оппоненттерим бул абдан сезимтал тема экендигин жакшы билишет. Ошондуктан мени жаманатты кылуу үчүн атайын эмоцияга тийген нерселерди айтып жүрүшөт. Алардын бул иши менин президенттик мөөнөтүм аяктаганга чейин уланат деп ойлойм. Кантсе да абдан ыңгайлуу тема болуп жатпайбы. Бирок аларга бир айтаарым бар: үй-бүлөлүк-кландык башкаруу эч качан кайталанбайт! Мен президенттик мөөнөтүм бүткөндөн кийин сүйүктүү өлкөмдүн көчөлөрүндө беймарал басып, Ысык-Көлдүн пляждарында эс алып, өз ишимди жасап жүргүм келет.

- Эл көзүндөгү киши катары сизге карата көп мемдер жаралды. Алардын ичинде жагымсыз болгондору да жок эмес. Мисалы, сизди популярдуу бир мультфильмдин каарманына окшоштурган мем да чыкканын билсеңиз керек. Сиздин мындай чыгармачылыкка мамилеңиз кандай?

- Ысык-Көлдөгү эс алуум жөнүндө сүрөткө жасалган мем күлкүлүү болуптур. Мен ага күлдүм. Өздөрү ойлоп таап алган нерсе башка, ал эми фактыга негизденген нерсе башка да. Менин пляжда туфличен сүрөткө түшкөнүм чын болчу Баса, мени пляжда туфличен тартып жатасыңар деп эскерткем. Бирок бутуңуз көрүнбөйт деп коюшкан болчу. Басма сөз кызматы фильмдин видеосуна гана тартып алуусун суранышкан, бирок, көрсө сүрөткө да тартып алышыптыр. Мемдин авторун Башкы прокуратурага чакыртышканын кечинде интернеттен окуп, бул көзөмөлдөөчү органдын мындай кадамына нааразы болдум. Мени кимге салыштырып жатканын, эмне үчүн сындап жатканын, кайсы жагымды баалап, жактыра тургандыктарын билип эле турам. Бирок анча деле көңүл бурбайм. Элибиздин чыгармачылыгы ташкындап турат, ал аны каалагандай ишке ашырат, анын ичинде соцтүйүндөр аркылуу да. Мейли, каршылыгым жок.

- Президенттик кызмат кадимки турмушка таасирин тийгизбей койбойт эмеспи, бош убакыт таптакыр жок болсо керек. Ошентсе да бош убактыңызда эмнелер менен алектенгенди жактырасыз?

- Чындап эле бош убактым жок десем болот. Эртең мененки 7.30дан баштап кеч киргенге чейин иштемин. Кечинде бир аз жөө басууга убакыт табуууга аракет кылам. Шарт келип калса сууда сүзөм.

- Бала чагыңыздан бери келе жаткан көнүмүш адаттарыңыз барбы? Үй-бүлөңүзгө, ата-энеңизге байланышкан адаттар дейбизби... Айталы, кимдир-бирөө бала чагында апасы даярдап бергендей кылып сүт кошулган чай ичмейинче уктай албайт экен..

- Чоң атам Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган экен. Атамдын улуу агасын биз чоң ата дечүбүз. Ал бизге чоң атадай эле болуп калды. 25 жыл бою совхоздо башкарма болуп иштеди. Эртең менен эрте мени тургузуп, жумушка кетээр алдында мага тапшырмаларын берип кетээр эле. Анан ал иштерди бүтүрүп коюп, волейбол боюнча машыгууга кетчүмүн. Чоң атам бизге талапты катуу койчу. Ойлоп көрсөм, ушинтип ал бизди эмгекчил болууга, убакытты туура пайдаланууга үйрөтүп кеткен экен. Эсимде, ал бизди индия кинолоруна жибербей, согуш темасындагы кинолорго гана жиберчү. Бул анын Улуу Ата Мекендик согушка катышкандыгынан улам болсо керек. Ал мени радио угуп, жаңылыктардан кабардар болууга үйрөттү. Азыр машинемде дайыма радио иштеп турат.

- Ата-энеңизге эмне үчүн ыраазычылык билдиргиңиз келээр эле?

- Мен атама, энеме, чоң ата-чоң энеме алардын тарбиясы үчүн ыраазычылык билдиргим келет: мен эки жактан тең – ата-энем жактан да, чоң ата-чоң энем жактан да - камкордукка бөлөнүп чоңойдум. Алар мени ээн-эркин, мээрим менен тарбиялашты.

- Балдарыңыз менен неберелериңиз сиз жөнүндө эмне деп айтышын каалайт элеңиз? “Өлкөнү татыктуу башкарган, адилеттүү президент болгон” дегенден башка?

- Президенттик мөөнөтүм аяктагандан кийин балдарым мен үчүн уялбай, эл арасында башын бийик көтөрүп жүргөнү мен үчүн абдан маанилүү. Балдарым теңтуштарынын, кесиптештеринин, тааныштарынын арасында ээн-эркин баса албай калса, татыктуу ата катары милдетимди аткарбаган болом. Албетте, мени мээримдүү, камкор ата катары эскеришин каалар элем. Мен азыр ата-энем жөнүндө сөз кылгандай, “биз мээримге бөлөнүп чоңойдук” деп айтса деп тилек кылам.

- Турмуш өзү көрсөткөндөй, мурунку мамлекет башчыларыбыздын көп жаңылыштык кетириши кайгылуу кесепеттерге алып келди. Көпчүлүк буга алардын жанындагы адамдар күнөөлү деп айтып чыгышты. Биз азыр саясатта жаңы адамдар жок экендигин көрүп турабыз, ошондон улам сиз дагы айланаңыздагы “арты таза эмес” адамдардын азгырыгына жетеленип кетем деп чочулабайсызбы? Муну болтурбоо үчүн кандай чараларды көрүп жатасыз?

- Мен адамдардын кандай экендигин ички туюмум менен сезип турам. Албетте, мындай адамдар менен байланышууну каалабайсың. Бирок, тилекке каршы, алар бардык жерде кездешет экен. Ал эми кызматкерлерге мен талапты катуу коем. Анын ичинде мамлекеттик кызматта уруксат берилген нерселердин алкагынан тышкары чыкпоону катуу талап кылам. Мен алардын адис катары пикирин сыйлайм. Тигил же бул чөйрөдөгү сиңирген эмгегин баалайм. Бирок мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек. Алар муну билишет.

- Идеалдуу деген өлкө кандай болушу керек?

- Биринчиден, бул – өз милдеттерин абийирдүү аткарып, өлкөнү жана элди көтөргөн адилеттүү, чынчыл жетекчи. Ыймандуу бийлик. Ким болбосун - кары-картаң, бала, майып болобу - азып-тозгон, жакыр, кедей адамдар жок мамлекет. Мыйзамдар менен адам укугу аздектелген өлкө. Экономикада да, саясатта да сергек атаандаштык өкүм сүрүп, мыктылар, күчтүүлөр жеңишке жетишкен адилет мамлекет. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин болгон экономикалык жактан өнүккөн парламенттик республика. Сергек, туура багыттагы, позитивдүү күчтөр үстөмдүк кылган коому бар мамлекет. Өлкө да, анын эли да бактылуу болушун каалайм жана буга жетүү үчүн бар күчүмдү жамшаймын.

- Саясат, албетте, адамдын мүнөзүнө да таасирин тийгизбей койбойт. Сиз күнүмдүк турмушта кызуу кандуулукка алдырасызбы? Кыжырыңыз кайнап, ачууңузду токтото албай калган учурлар болду беле? Эмнелер көбүрөөк жиниңизди келтирет?

- Мен сабырдуу адаммын. Бирок маселени чечүү колунан келип турса да ыңгыранып, созуп жүрө берген көңүл кош жетекчилер кыжырымды кайнатат. Бети чымырабай туруп калп айткандарга, адилетсиз иш кылып, боло берет дегендерге, бирди айтып, башканы жасагандарга жиним келет. Жеке кызыкчылыгын көздөө менен билип туруп мамлекетке зыян келтирип, бирок муну кадимки көрүнүш катары эсептегендерге жаным кашаят.

- Сиз көргөн түшүңүздү эстеп каласызбы? Бүгүн эмне түш көрдүңүз, же болбосо, кайсы түшүңүз эсте калаарлык болду эле?

- Мен ар кандай түштөрдү көрөм, алардын айрымдары эсимде калат. Кээде түшүм туш келип калган учурлар да болот. Аян түш катары. Бирок аларды эч кимге айтпайм.

Булак: "24 kg"

Последние новости