www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

С.Жапаров “Эрки күчтүү элибиздин эртеңи, эч кимди кайдыгер калтырбашы керек”

-Мен билек түрө көтөргөн элдин кызыкчылыгындагы маселелер, жиликтин башын зыркыратып, таманды ташка жанчый турган көйгөйлөр. Менин бүткүл үмүтүм,бардык ой-санаам элим менен болду. Арам саясаттын үстөмдүгүндө калгым келген жок. Көрсө, жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашкан достуктун устуну түбөлүк эмес экен. Мамлекеттин күйүтүн тартып, эч ким башын канжыгага байлабайт тура. Арстандын туусун сайсак да, чындык ортодо кала берет. Элдин эки чоң мүлкү бар. Биринчиси баатыр, экинчиси акылман. Тилекке каршы, эки төңкөрүш тең, бийлик ордосуна баатырдыкты да, акылмандыкты да берген жок. Саясатыбыздын трагедиясы да ушунда. Өкүнүчтүүсү , “Абыке-Көбөш, алты арам” деген саясаттын чеңгээлинде, 20 жыл сүзүп келе жатканыбызда. Жөнөкөй эле жеке башты сактоо менен, жеке кызыкчылык менен жүрө берсек, мамлекетибизди жоготуп алабыз.Улуу максат бирөө гана - Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги болушу керек. Мен ушул жерден күчтүү сезим менен бир нерсени айткым келип турат. Улуу мүдөө, Улуу сабырды туу туткан бийлик орномоюн, саясый кулчулуктан кутула албайбыз. "Серпишкенге бой бербес, сепил боло алабызбы” дегендей, кеп ушунда. Мейли, мен эл көйгөйлөрү менен жалгыз калайын. Бирок, эртең баары бир эл ырыскысын,эл байлыгын ойлогон бирөө-жарым чыгат да. Ооба, мен бүгүн жалгыз чыбык болуп күрөшүп атам. Каралаган ушактарга, кара жаным гана туруштук берип турган кези. Менин күрөшүм-ички тышкы жоо күч алып турганда, бир муштумдай биригип,элдин олжосун сыртка бербей акыл тирек менен Ата Журт алдында, өз милдетибизди аткаруу гана. Кандай болбосун, акыры кыргызга жакшылык алып келишибиз керек. Эми бул вазийпанын аягы азыр бүдөмүк. 2005-жылдагы шайлоочуларымдын ишеничи, Ош окуясы, «Кумтөр», «Мегаком», Каркыра чындыгы мага өзгөчө таасир берди. Бийликтин, саясатчылардын адилетсиз кадамдарына, катардагы көрүүчү болуп тим олтура албаганым балким, мага душман болгондур деп ойлоп кетем. Коркпой, тайманбай күрөшкөнүм, мени сындыра алган жок. Мен буга эч өкүнбөйм. Саясый куугунтуктун болгон түрүн көрдүм. Саясаттагы позициям үчүн жакын туугандарым азап чекти. Кекчил саясаттын курмандыгы болдум. Бирок, эң башкысы таза абийир, эл менен калдым. Акыркы күндөрү кыргыз элим сокур болбосо экен деп тилеп калдым. Адамдардын кайсыл бир бөлүгүн басмырлоо күч алып, басынгандыктан элде үмүт жоголуп бара жатат. Салижан Жигитовдун “Шуулдаба,теректерим, шуулдаба, шуулдасаң ыйлагым келет менин“ деген саптарын көп эстейм. Көл тарапка баратып, кыргыз жерине суктанып атып эле куураган өрөөндү элестетип, чочуп кетем. Кудай сактасын деп күндө тилейм. Ак чокулуу мөңгүлөрүбүздү, мончоктой мөлтүрөгөн көлүбүздү, чубалып өмүр берген кыргыздын дарыяларын, кожогат, карагат толгон тоосун, килемдей көк шиберге толгон жайлоосун сактап калалы! Кыргыздын бир уулунун тилеги ушул. Кыргыздын жерин, тоолорун, суусун, алтынынын баркын билген адам катары ушул китепти жаздым. Ашууда дагы далай кызмат, эл алдында бере турган отчётторубуз бар. Эркиндиктин туусу бийиктикте гана желбирей берсин!

Элнура Кулуева, журналист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости