www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңешинин 80-мааракелик жыйынынын катышуучулары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тышкы  жана ички саясатындагы негизги маселелердин бири экендигин белгиледи.

«Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңеши жалпы тарыхый тамырларыбызга, улуттук кызыкчылыктардын окшоштуктарына жана менталитеттердин жакындыгына таянып,  чек ара салттарын жана жакшы саамалыктарын сактап гана калбастан, аны тереңдеткенине кубанычтамын», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Глобалдуу дүйнөдө айрым процесстер КМШ өлкөлөрдүн биринде бейпилдикти бузууга жөндөмдүү коркунучтарды жана чакырыктарды калыптандырып жаткандыгы белгиленди. Мамлекет башчыларынын деңгээлинде азыркы тобокелдердин коркунучун  толук түшүнүү жана улуттук чек араларды, жалпы Шериктештиктин чек араларын коопсуз кылууга умтулуу бар.

Мамлекет башчысы макулдашылган биргелешкен аракеттер болмоюн эл аралык терроризмге, экстремизмге, баңгибизнесине, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө тиешелүү натыйжага жетише албайбыз деп баса белгиледи. Шериктештиктин  катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңешинин ишмердиги   коллективдүү  иштерге зор мүмкүнчүлүк берет.

Жолугушууда КМШ катышуучу-мамлекеттеринин чек ара аскерлеринин командирлеринин кеңешинин төрагасы, Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара кызматынын башчы-директорунун биринчи орун басары Владимир Кулишов КМШ ЧАКК ишмердүүлүгү туурасында маалымдады.

Ал КМШ катышуучу-мамлекеттердин чек ара аскерлеринин командирлеринин кеңешинин 80-жыйынын жогорку деңгээлде уюштурганы жана меймандостугу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди. Жыйындын күн тартибинин пункттары боюнча кыскача маалымат берди.

Мамлекет башчысы чек ара боюнча өз ара аракеттенишүүнүн баардык багыттары боюнча конструктивдүү диалогду колдоого даяр экендигин билдирип, КМШ ЧАКК- Шериктештиктин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тармагында дагы көп иштерди жасоо алдында турганын, өнүгүп жаткан кадыр-барктуу органдардын бири экендигин белгиледи.

Жолугушуунун аягында Владимир Кулишов Президент Сооронбай Жээнбековго «КМШ катышуучу-мамлекеттеринин чек араларын бекемдөө үчүн» артыкчылык белгисин жана мамлекет башчылары бекиткен «Шериктештик чек ара менен бекемделет» символикасын тапшырды деп билдирет президенттик апппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости