www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековдун, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун КР Жогорку Кеңешиндеги ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы үч жаңы министр тең иштин майын чыгара турган курактагы адистер экенин белгиледи.

“Сыноо алдыда, азыраак уктап, көбүрөөк иштегиле. Талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет. Берген антты дайым эстеп, эстен чыгарбагыла”, - деп Президент ант берген министрлерди мамлекетке, элге ак кызмат кылууга чакырды.

Сооронбай Жээнбеков депутаттарга жаңы министрлерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, жаңыланган Өкмөттүн ишине ийгиликтерди каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости