www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда атып өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковдун консулдукка тиешелүү 34 CC 2902 номерлүү “Range Rover” автонуаасын 10 миң долларга ижарга алган. Бул тууралуу Sozcu түрк басылмасы маалымат таратты.

Кытайлык ишкер, Кыргызстандагы миллиондогон доллардын айланасында чууга байланышкан Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы кафелердин биринде күпкүндүзү, элдердин көзүнчө атып кетишкен. Ал эми окуя болгон жерден Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугуна тиешелүү жогоруда аталган автоунаа табылган. Кийин муну ал кездеги консул Эркин Сопоков түшүндүрүп бере албаганын Тышкы иштер министрлиги билдирип, анын негизинде президент Сооронбай Жээнбеков 12-ноябрда Сопоковду кызматтан алган.

Окуя болгондон көп өтпөй аталган кылмышка шектүүлөр кармалышканын, алар өздөрүн Кыргызстандын жана Сириянын атуулдары экенин көрсөтүшкөнүн түрк басылмалары жазып чыгышты.

Ошол эле жергиликтүү басылмалар кылмышка 1 млн 250 миң доллар себеп болгонун жазышууда.

Ал эми Кыргызстанда окуядан кийин чуулуу Сайматинин бир нече жогорку бийлик өкүлдөрү менен ымалалары болгону жарыяланган.

Буга байланыштуу, дегеле “Азаттыктын” иликтөөсүндө Саймаити тарабынан сыртка чыгарылып кеткен 700 млн доллардын айланасында иштерди ачыкка чыгаруу үчүн өткөн апта Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн.

Эскерте кетсек, Эркин Сопоков "Кыргызавтомашта" мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жеке шоопуру болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости