www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр Атамбайчыларга каршы пикир жазсаң эле дароо Матраимовдун, Жээнбековдун кишиси кыла коюшат экен. Ооой Алтындарым, Матраимовдорго, Жээнбековдорго болушкан адам жок. Мага десеңер экөөнү тең камап бышырып жегиле. Болгону силер жок дегенде анда-санда калыс сөздү да угуп койсоңор, макулбу? Мына силер митинг өткөрдүңөр. Албетте, митинг өткөрүү силердин жарандык укугуңар. Бирок митингге чыкканда жалпы Кыргыз элинин атынан сүйлөбөй, өзүңөрдүн атыңардан сүйлөгүлө, жеке позицияңарды билдиргиле.

Матраимов, Саймаити жөнүндө маалымат качан эле айтылып небакта эле билинген. Ошончо убакыттан бери бир да жолу кызыгып сурабай, тергөөнү тездеткиле, Саймаитини тапкыла деп талап кылбай жүрүп анан эле тиги мошенник өлгөндөн кийин чуулдап чыгымыш болуп каласыңар. Айткандай митинг кылуу силердин Конституциялык укугуңар, бирок ошол укукту чындап эл үчүн, жер үчүн Мекенге пайдаланбайсыңарбы. Айрымдарыңар акча-тыйынга жалданып, айрымдарыңар ошол Атамбаевге, Сапар Исаковго таандык болгон бизнес компаниясында иштеген жумушуңардан айдалып калбайын деп айласыз келип алып, анан "койупцияга куйош" деп бакырып коёсуңар. Силер жалган, жалданма, жасалма патриоттулуктун негизинде аянтка жайытка жайылган малдай болуп жамырап келгениңер жумшак айтканда уятсыздык, катуу айтканда НААДАНДЫК!

Эгер силер Мекендин чыныгы патриоту болгонуңарда өлкөбүзгө зарыл болгон маселени өз учурунда көтөрүп чыкмаксыңар. Чындап патриот болсоңор эмнеге Тажикстан биздин чек араны миномёт менен аткылап, биздин территорияга кирип келгенде чуулдап азыркыдай митинг кылып чыккан жоксуңар? Дачасуда учак кулап жаш балдар, боюнда бар энелер бейкунөө курман болгондо эмнеге чуу которуп азыркыдай митинг кылып чыкпадыңар? Россиядан 14 кыз бейкунөө тирүүлөй өрттөнүп кеткенде эмнеге бул маселени көтөрүп азыркыдай митинг кылып орус элчилигине талап койгон жоксуңар? Силер жогоруда айткан чындап патриоттуулуктун талап кылган ишти кылбаган себебиңер башкада... Азыр силерге патриоттулук тонун кийгизип жаткан маселенин өзөгү башка жакта. Ал өзөк тиги түрмөдө отурган Кыргыздын шоруна бүткөн Ата -Маңкурт Атамбаев. Ошондуктан борбордогу "Ала-Тоо" жайытына митингге жөнөп жатканда жакшылап ойлонгула, ошол жөөт мүнөз Атамбаев силерге керекпи?

Айрымдар аянтта башкалар деле барыптыр ошондуктан мен деле бардым дешет. Оой алтындарым, аянтка жоон топ болуп жаткандардын баарысы эле жөнөкөй карапайым чоочун адамдар эмес. Көпчүлүгү туугандык, тааныштык жайы бар. Мисалы бир тобу ошол Атамбаевге, Сапар Исаковго, Кулматовго, Албек Ибраимовго таандык болгон цехтерде, соода түйүндөрүндө жана башка бизнестик тармакта иштеп айлык алып жүргөн немелер экен. Байкуштарды майда-чүйдө начальниктери алдына салып айдап келишиптир. Албетте келишет да, ким эле жумушунан айдалып калгысы келсин. Дагы бир тобу ошол камакта жаткан жегичтердин тууган туушкандары, куда-сөөк, жээн-таяке, классташ, айылдаш деген сыяктуу тааныштарын чогултуп келишиптир. Далил катары айтсам, Сейит Атамбаевге таандык болгон компаниянын кызматчы, жумушчулары толугу менен келишиптир. Айрым орус улутундагы, шаардык тургундар тиги азыр соттолуп жаткан мурдагы министр Лаврованын жакындары, тааныштары экен. Муну көргөн айрымдар митингге орустар жана "чисто городскойлор" да чыга башташыптыыыыр, демек ыктыярдуу иш чара окшойт деген ойдо калышыптыр.

Эхее-хееей каражандар, касиеттүү момун Кыргыздарым! Эгер биз ээрчиме болбосок, айдама болбосок, улутташтарын көрө албастык жок болсо, коомдук ишке кайдыгер болбосок азыр Кытайга карыз болмок турсун, ошол Кытайдын өзүн бизге карыз кылмакпыз! Ошондуктан ар кандай митингге барып дүрбөй бербей, мындай митинг-акцияларды укксаңар "сен жеп жатканда мен жок болчумун" деген принципте митинг, пикетине барбай эле койгула!!!

Темирлан Ормуков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости