www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызга жыныстык мүчөсүн көрсөткөн адам 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Москва райондук соту чыгарды.
«С.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адепсиз жоруктар» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Ал адам жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт. Мындан тышкары С.К.га 50 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды», - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Чүйдүн Петровка айылында дүкөнгө кирген кардар сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланган. Кийинчерээк Чүй ОИИББи бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 158-берене (адепсиз жоруктар) менен каттоого алынганын, шектүү катары 1987-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, Москва райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылганын кабарлаган. 31-майда С.К. 2 айга камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg