www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.К.Ж. Кыргыз Республикасынын А.у.А. аттуу жаранынан аткаруу өндүрүшүн токтотуу жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгууга мурда коюлган чектөөлөрдү алып салуу үчүн ири өлчөмдө акча каражатын опузалап талап кылып, алып жаткан жеринен кармалган.
Белгилей кетсек, буга чейин сот аткаруучу К.К.Ж. жогорудагы маселе боюнча акчанын бир бөлүгүн алып, бирок чектөөнү алып салуу маселесин чечпестен, А.у.А. арыздануучудан опузалап акча каражатын алууну уланта берген.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Октябрь райондук Соттук аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.К.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg