www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 24-майда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык “Коопсуздук-2022” жана “Түштүк-2022” бирдиктүү мобилизациялык машыгуулары башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Машыгуунун ачылышына КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Куралдуу Күчтөрдү башкаруу органдары, КР президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты, Ош шаарынын мэриясы, Ноокат жана Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациялары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык бөлүмдөрү катышууда.

Машыгуулар “Республиканын айрым райондорунда согуштук абалды киргизуунун шарттарында мамлекеттик органдардын иши” атту темада өтөт.

Машыгуунун жүрүшүндө Ош облусунун Ош жана Ноокат шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад облусунунун Ала-Бука районунун айрым резервдик түзүлүштөрүн практикалык түзүү менен регионго аскердик абалды киргизүү шартында абалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар аткарылат.

Стратегиялык объектилердин коопсуздугун жана коргонуусун камсыз кылуу, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен өткөрүү пункттарын орнотуу уюштурулат. Министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү жарандарды белгилүү бир аймактан эвакуациялоону, фильтрациялык пункттарды жана качкындарды убактылуу жайгаштырууну практикалык түрдө көрсөтүп беришет.

Маалым болгондой, машыгуулар 26-майда аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости