www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Генералдык секретары катары расмий жумушту баштады. Бул тууралуу маалыматты Султан Раев өзүнүн баракчасына билдирди.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун штаб-квартирасында эски Баш катчыны узатуу, жаңы Баш катчынын ишке киришүү аземи өттү.

Салтанатка Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Түркия Республикасынын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Түрк мамлекеттер уюмунун Баш катчысы Багдад Амреев, элчилер, коомчулук, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Расмий иш 13-апрелден башталды, деп кошумчалаган Султан Раев.

Эске салсак, Султан Раевдин талапкерлиги 31-мартта Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кезексиз жыйынында бир добуштан колдоого алынып, ал ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп бекиген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости