www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов саясатта такшалып калганын акыркы кадамдары менен далилдеп жатат. Ал өлкөдөгү саясий абалга ачык сөзүн айтканы менен башка депутаттардан айырмаланууда. Жаштарды колдоо демилгеси да көпчүлүккө жакты. Өзүнүн “Фейсбук” баракчасына мурунку президенттин “Форумдагы” митингге сүйлөгөн сөзү тууралуу “Экс-президент Алмаз Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүн уктум.

Ал кишинин өлкөдөгү коррупция, негатив жөнүндө сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Алмаз Атамбаев сот системасына, укук коргоо органдарынын иштегенине нааразы болсо, өлкөдөгү кемчиликтерди белгилеп жатса, анда 6 жыл өлкөнү башкарган киши катары күнөөнү бирөөгө оодарбай, суроону өзүнө берсин. Эгер Алмаз Атамбаев өзүнүн башкарып турганда кылган кемчиликтерин унутуп калган болсо, эл ал нерселерди унуткан жок. Экс-президент кетирген катачылыгымды оңдойм десе, анда саясатка аралашпай тынч отурсун.

Башка бир мусулманды мунафик, каапыр деп атаганы, ал кишинин экс-президент деген статусту көтөрө албай жатканынан кабар берет. Ушундай кырдаалда Сооронбай Шариповичтин сабырдуулугуна дагы бир жолу баа бердим. Өлкө башчыбыздын коррупция менен күрөшүнө баарыбыз колубуздан келишинче жардам беришибиз керек!” деп жазды. Бул чыныгы саясатчынын кеби болду.

Булак: «Жаңы Ордо»

Последние новости