www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 28-апрелинде Тажикстандын армиясы кошуна жана бир тууган Кыргызстандын Баткен облусунун аймагына капыстан кол салып, Баткен жана Лейлек райондорунда жүздөн ашык үйлөрдү жана коомдук жайларды өрттөп, бейкүнөө адамдарды атып өлтүргөндөн бери бир жылга жакын убакыт өттү. Андан соң,  кошуналар Ош облусунун Чоң-Алай району менен чектешкен Унжу-Булак аймагындагы тактала элек аймакка түңкү саат үчтө армиясы, брондолгон техникалары менен 1000 метр кирип келип, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында гана араң чыгарылган. Тажикстан андан кийин деле армиясы, жарандары ар кандай шылтоолор менен Кыргызстандын аймагына түрдүү шылтоолорду таап кол салып, тийиштик кылып, жада калса, жолдон өткөн биздин жарандардын автомашиналарын ташбараңга алып келишет. Ооба, бул аралыкта өкмөттүк деңгээлде чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Аз-маз болсо да жылыштар бар экендиги кабарланууда. Бирок кошуналардын ичинде ачык айта албаган менен ичинде Баткен аймагын “биздики” деген түшүнүк жашап келет.

Ооба, Тажикстандын аскердик кол салуусу тууралуу көп эле айтылып, жазылды. Бирок кошуна мамлекеттин мындай агрессиясына толук баа берилбей, эл аралык коомчулук тарабынан айыпталбай, убакыт өткөн сайын унутулуп бараткансыйт. Андыктан биз 30 жылдан бери эки кошуна айылдын элинин суу талаш, бири-бирине таш ыргытуусунан башталып, адам өмүрү кыйылган согушка чейин жеткен мамиленин түпкү себеби, бул чатакты кантип токтотуп, чек ара көйгөйүн чечүү жана башка суроолордун тегерегинде Жогорку Кеңештин депутаты, Баткен облусунун мурдагы губернатору, чек ара, коопсуздук маселелери боюнча эксперт, кыргыз-тажик мамилесин жакшы билген адис Айжигитов Султанбай Абдрашитович менен маектештик.

- Султанбай Абдрашитович, Сиз Баткен облусунун туулуп-өскөн кулуну, 2010-жылдан кийинки революцияда эл тарабынан шайланган облусттун губернатору жана коопсуздук органынын кызматкери катары бул аймактын көйгөйлөрүн, катардагы тажик кошуналар менен бийлигинин сырын эң жакшы билесиз. Эки мамлекеттин чек арасы 30 жылдан бери такталбай, анын натыйжасында суу, жер талаш кошуна айылдардын жашоочулары бири-бирине таш ыргытуу менен гана коштолуп келсе, бул ирет бүтүндөй армиясы Кыргызстандын аймагына, тынч жаткан элине кол салып, куралсыз, бейкүнөө жаш балдардан тартып, аялдар, кары-картаңдарга чейин өмүрү кыйылды. Тажикстандын бийлигинин кылымдар боюу кошуна жашап келген кыргыз элине мындай жырткычтык кол салуусунун себебин кандай түшүнсө болот?

- Ооба, Тажикстандын бийлигинин, армиясынын кошуна мамлекет болгон Кыргызстанга аскердик кол салуусун, болгондо да чектеш жайгашкан айылдардагы тынч турмушта жашаган бейкүнөө адамдарды, жаш балдар менен аялдарды атып өлтүрүп, алардын үйлөрүн, социалдык объектилерин, мектепти өрттөшү эч бир акыл-эстүү ой жүгүрткөн адам үчүн түшүнүксүз болууда. Алар Тажикстанга кандай коркунуч туудурду эле? Деги эле буларды бир мыйзамдуу мамлекеттин армиясы деп атоого болобу? Бул жерде ачыктан ачык эле агрессия болуп жаткандыгы көрүнүп турат. Ошол эле учурда алардын түштөн кийин бул алдын ала коргонуу, тажик калкы менен мамлекетинин кызыкчылыгы жана коопсуздугу үчүн жасалган аракет болгондугу тууралуу актануусу эч бир эреже, жобого ылайык келбейт. Анткен менен окуяны жеринде ыкчам чагылдырган маалымат каражаттары менен фото, видео документтер аркылуу дүйнөлүк коомчулук ким күнөөлүү экендигин көрүп-билип турду жана ошого жараша мамиле жасоодо.Мындан тышкары эл аралык эксперттер бир союзга кирген (ЖККУ, КМШ жана башка уюмдар), кылымдар боюу кошуна жашап келаткан бир тууган, эгемендүү мамлекеттин аймагына кол салган аскердик агрессия болду деп баа беришүүдө. Ошондуктан бул жерде аябай таң каларлык жагдайлар жаралууда.

- Бирок Тажикстан Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондоруна кол салгандан туура бир ай өтүп, Ош облусунун Чоң-Алай району менен чектешкен аймактан да такталбаган аймакка миң метр кирип келип, контейнер орнотуп, брондолгон аскердик техникаларын кошо орноткондугу таң каларлык болду?

- Бул да алардын түздөн-түз чагымчылдык аракети катары бааланат. Баарынан да 15-майда эки тарап мындан ары баардык чек ара маселелери сүйлөшүү жолу менен чечилери тууралуу документке кол коюлган эмес беле. Анда шарттуу чек ара аймактары белгиленген. Ошол эле документте такталбаган аймакта эч кандай чарбалык жана аскердик жумуштар жасалбай тургандыгы белгиленген. Бирок тажик тарап өздөрү кол койгон документти бузуп, эч кандай себепсиз жана алдын ала эскертүүсүз аскердик оор техникаларын, элдин баары кызуу уйкуда жаткан түңкү саат үчтө киргизип жатпайбы. Андан кийин контейнерин калтырып, 600 метр артка чегинип, күндүзгү саат 12ге чейин кыргыз тарап кандай мамиле жасайт деп күтүп отуруп атпайбы. Тилекке каршы Кыргызстандын тиешелүү бийлик өкүлдөрүнүн телефон чалууларына жооп бербей да койду.

Кандай максатты көздөшү мүмкүн? Кай жагынан алып караганда да алардын көздөгөнү жакшылык эмес. Бирок негизги көңүл Баткен облусу болуп, кыргыз тараптын күчүн бөлүүнү, алагды кылууну көздөдү. Бул демейдеги эле аскердик операция. Эч качан дос, кошуна мамлекет мындай мамиле жасабайт. Болгондо да Кыргызстан аларга эч кандай коркунуч жаратпай, баардык маселелерди тынчтык, сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү ниетин билдирип жаткан соң.

- Тажикстандын, президент Э. Рахмондун Кыргызстанга мынчалык кастык мамилесин өзүнүн бийлигин чыңдоо жана ички социалдык, аймактык маселелерин чечүү аракети катары да баалагандар болууда.

- Мындай пикирге да кошулса болот.Бирок тажик президентинин өзүнүн мамлекети менен элинин социалдык, аймактык көйгөйлөрүн кошуна мамлекеттин эсебинен чечүү аракети туура эмес. Ал бул маселелерин биздин эсебибизден чечпеш керек. Эгер Э. Рахмон өзү 30 жылдан бери башкарып келаткан мамлекетин экономикалык жактан туңгуюкка туш кылып, эли кыйналып атса, анда күчкө салып эмес, экономикалык кызматташтык, достук мамилелерди сунуш кылышы зарыл болчу. Бирок анын аскердик агрессиясы эл аралык дипломатияга эмес, жөнөкөй адамкерчиликке да жатпайт.

Ооба, Кыргызстан азыр саясый жактан да, экономикалык планда да ыңгайсыз абалда турат. Балким, ал биздин дал ушул алсыздыгыбыздан пайдалангысы келип жаткандыр. Бирок 1990-жылдары ушул эле Тажикстан бизден да кыйын кырдаалга кабылганда, мамлекет деген гана аты болуп, бийлик талаа командирлеринин колуна өтүп, жок болуп кетүү алдында турганда Кыргызстан аларды жараштырып, сактап калды эле. Ошондо биз өзүбүздүн каалаган маселебизди чечип алсак болмок. Себеби алар кандай гана болбосун документке кол коюшмак. Анткен менен биз андай кадам жасабай, тажик элин сактап калып, Тажикстандын мамлекет катары жоголуп кетпешине чоң салым кошконбуз.

- Андан кийин деле, кечээки күнгө чейин Тажикстан, тажик эли Кыргызстандан жамандык көрбөдү окшойт.

- Туура айтасыз. Ошол он жылга жакын созулуп, жүз миңдеген адамдар өлгөн жарандык согуштан кийин деле Тажикстан экономикалык жактан кыйналып жашап келатат. Бир чети Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримов чек арасын чычкан жөргөлөп өтө алгыс кылып тосуп салып, ал тургай аң казып, ага суу толтуруп, зымга ток туташтырып койгондо тажиктер сырткы дүйнөгө бир гана Кыргызстан аркылуу өтүп, соода-сатыгы да жалаң биз менен болуп келди. Артында Афганистан, Иран алыс. Ошондуктан тажик кошуналардын кыргыз эли менен мамлекетинин жакшылыгын унутуп коюшу өтө кечиримсиз болот.

- Дал ошол учурда, Тажикстандын армиясы Кыргызстанга кол салган күндөрү Дүйшөмбүдө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин жыйыны өтүп жатпады беле. Бул кокустукпу же Тажикстан аскердик агрессиясын атайлап ушул эл аралык иш чарага тушташ уюштурдубу?

- Ооба, бул да таң каларлык түшүнүксүз жагдай болууда. Канткен менен ошол учурда биздин ал жыйынга катышкан өкүлдөрүбүз унчукпай отуруп калбастан, “Кечирип коёсуңар, биз бул жерде союздаштык, коопсуздук маселелерин карап жатабыз. Бирок жыйынды өткөрүп жаткан өлкө кошунасына кол салып, эч кандай себеби жок башка мамлекеттин желегин өрттөп, ал аймакка өз желегин илип алып жатат...”,- деген мааниде билдирүү жасаш керек эле. Болгондо да тынч турмушта жашаган эл, жаш балдар менен кары-картаңдар өлтүрүлбөдүбү. Эмне үчүн мектепти өрттөп, талкалаш керек эле? Максат айылындагы миномет менен атылып, өрттөлгөн мектеп, жаш балдар менен кары-картаңдар Тажикстанга кандай коркунуч келтирди эле? Мындан тышкары карапайым кыргызстандыктардын үй, дүкөн, башка мүлктөрүн талап-тоноп, малын айдап кеткендиги талоончулук болуп жатпайбы. Ошондуктан бул учурда ЖККУнун Тажикстанда өтүп жаткан жыйынына катышкан биздин өкүлдөр убакыттан уттурбай, тез арада билдирүү жасап, кошуна Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын өкүлдөрүн согушту токтотуу боюнча ортого салышы керек болчу.

Мени таң калтырган дагы бир жагдай, эмне үчүн биздин аскерлер аймагыбызга басып кирген душманга жооп кайтарган жок? Эмнеге коргонууга команда берилбеди? Аскердик устав боюнча биздин чек ара бөлүктөрүнө басып кирип, өрттөгөн душманга жооп бериш керек эле го. Эгер мамлекеттин бүтүндүгүн коргоп турган аскерлерге, болгондо да бөлүккө башка мамлекеттин армиясы эмес, жөнөкөй эле куралчан адам кирип келгенде буйрукту күтүп отурбастан атыш керек болчу. Бирок биздикилер артка чегинип, бекетти таштап чыгып кетип атышпайбы. Кыскасы, бул жерде көп түшүнүксүз жагдайлар бар. Балким, учуру келгенде баары ачыкка чыгар.

- Баарыбыз эле көрүп-билип тургандай, Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусун токтотуу үчүн кошуна жана союздаш мамлекеттерден Өзбекстандын бийлиги, Президенти Шавкат Мирзиёевдин салымы чоң болду. Ал эки ирет Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев да бир ирет Дүйшөмбүгө телефон чалды. Бирок Россия эмнегедир алгач ТИМдин маалымат катчысынын деңгээлинде аркылуу гана “Мы следим за событиями...”,- деген жана башка калыс билдирүүлөрдү таратып, Президенти Владимир Путин кийин гана “кыргыз-тажик чек ара жаңжалын эки тарап сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүнү макулдашкандыгын кубаттай тургандыгын...”,- айтты. Баса, ошол эле учурда (8-9-майда) Э. Рахмон Москвага Жеңиш парадына жалгыз чакырылып, Путиндин жанында отурду.

- Менде бул жагдайлар тууралуу жетиштүү маалымат болбогондуктан, бир пикирди айтуу кыйын. Ошондуктан бул сурооңузга жооп бербей эле койсом. Анткени туура эмес аныктама болуп калышы мүмкүн.

- Кыргыз-тажик жаңжалы ким үчүн ыңгайлуу же сырткы, үчүнчү күчтөрдүн да тиешеси барбы?

- Бул сурооңузга жооп берүү үчүн азыркы глобалдык дүйнө кандай түзүлгөндүгүн карап көрөлү. Айталы, АКШ башында турган биргелешкен Батыш өлкөлөрү бар. Ошол эле учурда Кытай чоң державага айланып баратат. Үчүнчү тараптан Россия кайрадан баш көтөрүүдө, балким бул өлкө каржылык жактан кедейдир, бирок муштуму чоң. Үч миң жыл мурда деле дүйнөдө ушул державалар болгон. Болгону Россиянын ордунда Улуу талаа же Түрк дүйнөсү жана Улуу Рим болгон. Андыктан алардын дүйнөгө болгон үстөмдүк кылуу аракети ошол эле бойдон калууда. Бир гана мураскерлер алмашып, Улуу талаанын ордун Россия ээледи. Кытай ошол эле бойдон калууда. Демек, бул үч дүйнөлүк державанын кызыкчылыгы дүйнөнүн баардык жеринде бар жана кыргыз-тажик жаңжалындагы ордун да жок деп айтууга болбойт. Бирок кимисинин кызыкчылыгы кандай болгондугу башка маселе. Экинчиден, эки мамлекеттин ички, саясый күчтөрүнүн да таасири болду. Алсак, Тажикстандын абалы бир топ оор. Өлкөнү 30 жылдан бери башкарып келаткан Э. Рахмон бийлигин уулуна өткөрүп берүүгө аракет кылууда. Бирок тажик оппозициясы баш көтөрө албаган менен уктап жаткан жок. Баарынан да Тажикстандын экономикасы адам ыйлай турган абалда, калкынын 80%ы жакырчылыктын чегинде жашайт. Ишке жарамдуу эркектеринин дээрлик баардыгы миграцияга кетип, эли алардын эсебинен гана жашайт. Ошондуктан Э. Рахмондун тегерегиндеги эксперттери элди алагды кылып, бийликтин күнөөсүн актап жана президенттин айланасына бириктирүү үчүн сырткы душмандын образын ойлоп таап, кичинекей “жеңишти” камсыз кылуу зарылдыгын сунуш кылышса керек. Мындан тажик бийлиги элинин мекенчилдик сезимин козгоп, жек көрүүчүлүк психологиясын сыртка чыгарууну көздөгөндүгү көрүнүп эле турат. Бирок алардын мындай “стратегиясы” чоң катачылык болууда. Мисалы, бир эле Кыргызстандын чек арасын жөн эле жаап коюусу Тажикстандын экономикасын сызга отургузуп, ансыз деле начар социалдык абалын ого бетер күчөтүп жиберди.

- Ооба, биз, кыргыздар ошол күндөрү тажиктердин эрте бышкан сабиз, пияз, бадыраң, помидор, гиластарын сата албай же сатса да өз баасын актабай, таштандыга ыргытканга чейин барып жаткандыгын айтып, социалдык тармактардагы видеолордон көрүп жаттык. Сиз, Баткен облусунун мурдагы губернатору катары ушул көрүнүш чындык экендигин тастыктай аласызбы?

- Албетте. Эгер статистикага кайрыла турган болсок, Кыргызстандын Тажикстан менен соода-сатыгы болгону сырткы товар жүгүртүүнүн 1%ын гана түзөт. Ошондуктан биз үчүн бир пайызды жоготуунун зыяны деле жок же Тажикстан Кыргызстан үчүн экономикалык өнөктөш болуп саналбайт. Биз Тажикстан аркылуу үчүнчү өлкөлөргө эч нерсе чыгарбайбыз.

Ошол эле учурда биз аларга өтө керектүү экономикалык өнөктөшпүз. Биринчиден, алар ичкен жана сугат суунун көп бөлүгүн бизден алышат. Экинчиден, ошол жашылча-жемиштерин Россия, Казакстанга жалаң биздин аймагыбыз аркылуу ташып, сырттан баардык өнөржай жана башка товарларын өткөрүшөт. Эмгек мигранттары да 90% геграфиялык жактан жана самолет, транспорт баасынын арзандыгынан Кыргызстан аркылуу катташат. Дагы бир белгилеп коё турган жагдай, Тажикстан дээрлик агрардык өлкө болгондуктан, алардын товары дүйнөлүк рынокто айрым гана өнөржай элементтерин эске албаганда, ЕАЭБден башка аймакта керек эмес жана атаандаштыкты түзө албайт. Бир чети Тажикстан ЕАЭБдин мүчөсү болбогондуктан жана Кыргызстан бул уюмдун мүчөсү болгондуктан, алар өз продукциясын Кыргызстан аркылуу гана ташый алат.

Өзбекстан болсо ЕАЭБге мүчө болбогондуктан, өткөрө албайт. Экинчиден, Өзбекстан Тажикстандын чоң атаандашы. Мындан тышкары Өзбекстан тажиктердин жашылча-жемиштерин өткөргөн менен салык төлөмдөрүн көбөйтүп койгондуктан, үчүнчү өлкөгө алпарып сатуу үчүн жол чыгымы эле сатылган акчасына жетпей калат. Тажикстан Кытайдын товарларын да дээрлик Кыргызстан аркылуу ташып келгендиктен, бул жагынан да туңгуюкка кабылды. Айтор, Кыргызстандын экономикалык блокадасынан Тажикстанда азыр коондун килосу 5 сомго түшүп, бадыраңды сайга эле ыргытууга мажбур болуп, өздөрү өндүргөн жер-жемиштер коммунизм доорунда болбогондой арзанчылык болсо, экинчи жагынан сырттан ташылган өнөржай товарлары, мисалы, бензиндин баасы асманга чыгып кетти. Бирок Тажикстан Кытай менен чектешсе да шарты татаал Тоолуу Бадахшан аркылуу жол сала албайт. Кытай үчүн деле жол салып, чоң каражат коротуштун кереги жок. Бир чети ал аймакта жоочулардын кол салуу коркунучу бар.

- Анда эмнеге саясый жагын айтпаганда да ушундай экономикалык туңгуюкка кабыларын билип туруп, Тажикстан бизге кол салды?

- Мага да алардын бул мамилеси түшүнүксүз болууда. Балким, аларды кимдир-бирөө, сырткы күчтөр ушундай кадамга түртүп, делөөрүтүп койгондур. Тилекке каршы эгер ошондой болсо, анда ал күч Тажикстандын бийлиги менен элин аңга түрттү. Мүмкүн бери жагы 200-300 жылдан бери тынч турмушта жашап келаткан Борбор Азия аймагында согуш отун тутандырууну көздөгөн сырткы күчтөр бардыр. Тилекке каршы акыркы мезгилде тажик бийлиги кошунасы болгон бизге улам тийиштик кылып, согуш отунун тутанып кетүүсүнө жол берүүдө. Бирок алар өздөрү жандырган жалынга өздөрү күйүп калбаса экен...

- Тажиктер менен кошуна жашаган баткендиктер алардын биздин жерибизге көз артып, сугун арттырып жаткандыгын жакшы билебиз. Дегеле Баткен облусунун айрым аймактары алардын тарыхый мекени болуп саналабы?

- Эч качан андай эмес. Азыркы Тажикстан мамлекети тарыхта эч качан болгон эмес жана бул аймакты аба-бабасы жашаган эмес. СССРдин тушунда Сталиндин улуттук саясаты менен гана Тажикстан түзүлүп калган. Ошондуктан тажиктер Сталинди аябай урматташат. Борбор Азия аймагын байыркы замандан бери эле түрктөр ээлеп, Туран аймагы болуп, кийин Түркистан АССРи эле.  Бирок СССР түзүлгөн соң улуу жана бирдиктүү түрк аймагын бөлүп-жаруу үчүн Сталин Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан кылып бөлгөн. Бирок ар бир түрк элдери өз алдынча республика болгон менен жалпы түрк биримдиги катары биригип тургандыктан, башка менталитетти аралаштырууну ойлоп табышып, Өзбекстандын курамындагы Тажикстан АССРин өзүнчө Республика кылып түзгөн. Ал эми тажик улутундагы элдер эч качан бир аймакты байырлап жашашкан эмес, алар ар кайсы жерлерде топ-топ болуп, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк менен жашашкан. Ооба, тажиктер өздөрүн саманиддердин тукумубуз деп жүрүшөт. Бирок булар тарыхты жакшы билишпейт же атайлап эле бурмалашат. Тажиктер саманиддерден эмес, Саманиддин жээни Исмаилден тараган. Өз кезегинде Саманид династиясын түрктөр түптөгөн. Болгону мамлекеттик башкаруудагы иш кагаздары перс тилинде жүргүзүлгөн. Ал эми тажик тили деле өз кезегинде перс тили эмес, дари тили болуп саналат. Бул да өз кезегинде түрктөр менен перстердин ортосунда жаралган тил. Бирок перс тили менен тажик тилинин деле ортосунда айырмачылык бар. Мисалы, тажиктер персчени түшүнгөн менен перстер тажикчени түшүнбөйт. Кыргыздар да, тажиктер да Борбор Азиядагы байыркы элдер экендиги талашсыз. Эгер саманиддер өз тарыхын 11 кылымга теңесе, кыргыздардын мамлекеттүлүгүнө эле үч миң жылдан ашып жатпайбы. Ал эми кыргыздардын жалпы тарыхы 10 миң жылдан ашат. Мындан тышкары тарыхта кыргыздардын өз каганаты болгондугу, ал тургай кыпчак сыяктуу кыргыз урууларынын өзүнчө каганаты болгондугу белгилүү. Найман, кытай урууларынын да бүтүндөй империясы болгон. Анткен менен ушундай байыркы тарыхына карабай, азыркы Кыргызстан менен Тажикстан республика, мамлекет катары СССРдин учурунда калыптанып, түзүлдү.

- Ал эми  Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын кантип, кайсы документке таянып такташ керек? Себеби эки мамлекет бул маселеде эки башка документтерге таянып келүүдө.

- Бул маселеде азыр эле айтылып өткөндөй, Кыргызстан да, Тажикстан да өз алдынча республика, мамлекет катары СССРдин учурунда түзүлүп, калыптанды жана бул Союз ураганда Эгемендүү мамлекеттер катары таанылды. Ошондуктан баардык эсеп жана аймак, байлык бөлүштүрүүлөр ушул учурдан тартып эсептелиш керек. Бул укуктук да, аймактык да туңгуюктан сактайт. Ал эми тажик тарап таянып аткан 1920,30,40,50-жылдардагы документтер эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес, тиешелүү процедуралардан өтпөгөн жана бири-бирине карама-каршы келет. Болгону СССРдин тушунда жогоруда айтылгандай, Борбор Азия чөлкөмүндөгү элдерди бириктирбей, бөлүп-жаруу максатын көздөгөн чечимдер болгон. Андыктан мурдагы Союздук республикалар бөлүнүп, өз алдынча мамлекет катары жарыялангандан кийинки аймактарды бөлүштүрүүсүндө жалгыз гана таяна турган юридикалык документ алгач Минскиде, андан кийин Алматыда кол коюлган келишим болуп саналат. Анда учурдагы ар бир республикалардын ээлеген аймактары боюнча гана чек аралар аныкталып, демаркация жана делимитация иштерин жүргүзүү керектиги так, даана жазылган. Бул документке бир гана жаңы, Эгемендүү республикалардын президенттери гана кол койбостон, ал мамлекеттердин Парламенттери да ратификациялаган. Анын катарында Тажикстан да бар. Дагы бир ирет кайталаймын, бир гана чек араны аныктоочу толук кандуу, юридикалык күчкө ээ документ ушул болуп эсептелет.

 Албетте, Тажикстан бул документти кабыл албай, Кыргызстан менен болгон чек ара маселесин 30 жылдан бери чечкиси келбей жаткандыгы да алардын пайдасына болууда. Себеби эгер биздин алар менен чектешкен Баткен облусубуздун аймагындагы жашоочулар жумушсуздук, жакырчылык жана башка себептерден улам жылма миграция жолу менен сыртка көчүп кеткендиктен, ал жактагы тажик жашоочулары ар кандай мыйзамсыз ыкмалар аркылуу биздин жерлерди “такталбаган аймак” деген шылтоо менен ээлеп калып жатышат. Эми, биздин жерлерди мыйзамсыз ээлеп алып, факты боюнча чек араны тактайбыз деп жатышат. Ошондой эле ал аймактарды “талаштуу жерлер” деп, өзүбүздүн эле жерлерге алмашууну көздөшүүдө. Баарынан өкүнүчтүүсү, биздин маселени түшүнбөгөн жетекчилерибиз ойлонбой, билбей туруп, кээ бир документтерге кол коюп беришүүдө.

- Айрым эксперттер Тажикстандын 28-апрелде Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салуусунун себебин эл аралык наркобарондордун биздин өлкөбүзгө каршы жарыялаган согушу деп да айтышууда. Анткени Афганистанда өндүрүлгөн маңзаттын бир бөлүгү Тажикстанга ээн-эркин кирип, андан ары Россия, Европа жана башка дүйнө өлкөлөрүнө Кыргызстан аркылуу ташылары жашыруун эмес.

- Наркобарондор, террорчулар жана башка согушкерлер “бир туугандар” экендиги талашсыз. Ооба, Кыргызстан Афганистанда өндүрүлүп, Тажикстан аркылуу Казакстан, Россия, андан ары Европа жана башка өлкөлөргө ташылган маңзаттын бир каналы экендиги да чындык. Албетте, ушундай божомол болгон менен так, далилдүү факты болбогондуктан, 28-апрелде Тажикстан кол салган согушту дал ушулар уюштурду деп так кесе айтуу кыйын.

- Кыргызстан Тажикстанга каршы согуш жолу менен жооп бере албаса да, карым-катнашты токтотуп, экономикалык жактан блокадага камады. Ошондуктан азыр тажик президенти башка өлкөлөрдү байма-бай кыдырып, башка жактан коридор ачуу аракетин көрүүдө. Биздин өлкөнүн ушул кадамы туурабы жана мындан аркы эки өлкөнүн мамилеси кандай болуш керек?

- Тилекке каршы ар ким каршылашын чөгөлөтүүгө аракет кылышы туура эмес жана туңгуюк жол. Бир чети Кыргызстан менен Тажикстандын карапайым калкынын жашоо деңгээли, экономикалык абалы жана башка жагдайлары бири-бирине окшош эле. Мындан карапайым калк гана жабыр тартып, эч ким утпайт жана эртеби-кечпи соода-сатык, карым-катнаш жанданыш керек.

- Тажик тарап кээде биздин чек аралаш жерлерибиз бош жаткандыгына көз артып, алар өз аймагына батпай аткандыгын да айтып, доомат коюшууда. Мындай пикир канчалык негиздүү?

- Туура, Союздун учурунда ар бир эл өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша эмгектенген. Мисалы, тажиктер дыйканчылык, өзбектер соода-сатык, ал эми кыргыздар байыркы мезгилде жоокер болуп, мал чарбачылыгы менен алектенишкен. Андыктан алар жерлерин жайыт жана кыштоо катары пайдаланышкан. Демек, аны бош же кароосуз калган жер деп айтуу туура эмес. Ооба, биздин кошуналарыбыз жылма миграция менен чек арабызга гана эмес, үйүбүздүн дубалына чейин жетип келишип, эми үйлөрүбүз менен огородубузга да көз артып, талашууда. Ал эми алардын калкынын саны тездик менен көбөйүп, жерине батпай жатса, анда бул алардын өздөрүнүн көйгөйү жана биз күнөөлүү эмеспиз. Тажик бийлиги эгер Чаркудө эл батпай жатса, аларды башка жакка көчүрсүн же башка жолун тапсын. Дүйнөлүк практикада мындай ыкма жок. Мисалы, 1 миллиард 300 миллион калкы бар Кытай “биз жерибизге батпай жатабыз” деп, кошуналарынын жерин талашкан, доомат арткан жок да.

Дүйнөлүк практикада талаш жерлерди же анклавдарды чечүүнүн жолу – алмашуу болуп саналат. Бул деле туңгуюк жол болгон менен мындан башка ыңгайлуу жолу жок. Бирок жерди мынча квадратка ошончо квадрат деп бөлүү да туура эмес. Себеби жерди сугат экендигине, түз же тоолуу экендигине, анын асты менен үстүндөгү кен байлыктарга, стратегиялык аймагы боюнча онго жакын өзгөчөлүгүнө карап баалап, алмаштыруу керек. Бирок тажиктер ушул цивилизациялуу, эл аралык жолдорду аттап өтүп, биздин жерди күч менен, согуштук ыкмага салып ээлеп алуу аракетин көрүшү туура эмес болду жана максатына жетпейт...

Маектешкен Автандил Белеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости