www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов "Фейсбуктагы" баракчасына билдирүү жазды. Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы чакырып алганын айтып, мындай чечим ал үчүн күтүүсүз болгонун кошумчалады. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
"Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти катары кыргыз футболун эл аралык аренада өнүктүрүү максатын көздөгөм. Ал максат федерация менен ийгиликтүү ишке ашырылып, биздин улуттук курама командабыз мыкты оюн көрсөтүп, Азия кубогунун квалификациялык баскычынан өтүп, спорт тарыхында калды. Футболубузду кийинки тепкичке көтөрүү келечектеги пландарымдын бири болчу.
Тилекке каршы, кыргыз футболун өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарып жиберишкенине өтө өкүнүчтөмүн", деп жазды Семетей Султанов.
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын басма сөз өкүлү Наталья Угрюмова бул тууралуу азырынча комментарий бере албай турганын айтып, Семетей Султанов АФКнын вице-президенттигине талапкерлигин 2018-жылы эле бергенин кошумчалады.
Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов учурда Малайзияда өтүп жаткан АФКнын 29-шайлоо конгрессинде жүргөндүктөн аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок.
Семетей Султанов Федерациянын президенттигинен өз каалоосу менен кетерин 2019-жылдын 7-январында жарыялаган. Ал бул кызматка 2016-жылдын 27-ноябрында экинчи жолу шайланган. Ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экени да айтылып жүрөт.
Булак: NazarNews.kg