www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановдун өткөн жылы өлкөдөгү орточо айлык акы 15 миң 747 сомду түзүп, 2017-жылга караганда 5,9 пайызга жогорулаганын жар салды. Айлык маяналар маалымат жана байланыш тармагында 14,5 пайызга, курулуш тармагында 10,9 пайызга, дүң жана чекене соода тармагында 8,7 пайызга, ошондой эле кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жана алуу тармагында 8,3 пайызга жогорулаган.

Мынча болду Султанов врачтар менен мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин айлыгы канча пайыз көбөйгөнүн айтып койсо оозуна учук чыкмак эмес. Тилекке каршы, айталбайт. Анткени жогорудагы кесип ээлеринин орточо айлыгы 5-6 миң сомдон ашпайт. Элдин көзүн боёгон көрүнүш качан токтойт болду экен?..

Булак: "Фабула"

Последние новости