www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Стратегиялык объект катары саналган Ак үйдүн батыш тарабында 5 кабат имарат салынып бүттү. Бул имарат Бишкек шаарынын мэри Азис Суракматовго таандык экени айтылып келет, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити бүгүнкү чыккан санында.
Кезинде имарат туура эмес жерге мыйзамсыз курулуп жаткандыктан Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, курулуш иши токтогон. Анан эле "май кармаган бармагын жалайт" болуп, Суракматов борбор калаанын башчысы болуп келип, натыйжада "казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" дегендей, баягы курулуш иши токтогон мыйзамсыз курулуп жаткан имаратты бүтүрүү иши күнү-түнү жүрүп бүткөрүлдү.
Мыйзам буйлаланган төө дегендин далили ушул. Бул маселе президент Сооронбай Жээнбеков ММКнын жетекчилери менен жолукканда да көтөрүлүп айтылды. Өлкө башчысы кандай чара көрөт жакынкы арада билинет. Айтмакчы, Түштүк магистраль менен Манас көчөсү кесилишкен жердеги 80 миллион сом жумшалган парктагы кумга сиңген миллиондор боюнча да коррупция жыттанган маселе бар...
Булак: NazarNews.kg