www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан таанышын өлөрчө токмоктогон жаран кармалды. Бул тууралуу NazarNews.kgге аталган кызматтын басма сөз кызматынан Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка караганда 2020-жылдын 1-февраль күнү болжол менен саат 23:00 чамасында, Ош шаарында 1981-жылы туулган Т.Ж жана 1971-жылы туулган  А.Э. экөө спирт ичимдигин ичип олтурушуп, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Натыйжада 1981-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран  А.Э.ни бир нече жолу бетине, баш тарабына уруп, андан соң, оор жараат алган шеригин “Тез жардам” кызматын чакырбай, күч менен үйүнөн чыгарып жиберген.

 Натыйжада А.Э. алган жараатынан улам Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатып, 2020-жылдын 4-февраль күнү өзүнө келбей каза болду.

 Бул кылмышка шектүү катары анын бөтөлкөлөш шериги Т.Ж кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иш боюнча КРнын КЖКнын 138-берененин 3-б 1-п менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Кылмышка шектүү жарандын баш коргоо чарасы кечээ күнү 5-февралда Ош шаардык соту тарабынан каралып, эки айга камакка алынды.

Кылмышка шектүү жаран мурда 12 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

На изображении может находиться: один или несколько человек

Булак: NazarNews.kg

Последние новости