www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Turmush -  СССРдин өсүп-өнүгүп турган мезгилинде Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында бир жылда 4,5 млн кирпич өндүргөн кирпич завод союз тарап кеткен соң таланып-тонолуп кеткен. Аймактык кабарчы кирпич заводдун тарыхы жана тагдыры тууралуу маалымат чогултту.

Кирпич заводдун алгачкы жана акыркы жетекчиси Жээнбек Борсунбаев заводду сактап калууга аракет кылгандыгын айтат.

«Завод 1982-жылы курулуп, октябрь айында пайдаланууга берилди. Заводдо жалпысынан 56 жумушчу иштечү. Эң алгачкы жана акыркы жетекчиси болуп иштедим. 1982-1984-жылдары жетекчи болдум. Андан кийин Кыдыраалы Мамбеталиев, Райбек Мамбетов жетекчи болушту. 1988-жылдан тарта 1996-жылга чейин кайра өзүм иштеп турдум. Завод 6 млн даана кирпич өндүрүүгө ылайыкталган. Бирок, биз 4,5 млн кирпич чыгарып жүрдүк. Өндүрүлгөн кирпичтер "Макмал" алтын комбинатына, бул жагы Нарын шаарына чейин сатылып турду. 1996-жылы завод ишин токтотту. Анткени ал учурда өлкөбүз кризиске туш болуп, заводду иштетүүгө каражат жок болду. Айла кетип чийки кирпич чыгарып көрдүк. Бирок андан деле жыйынтык чыкпады. Ошол учурда Мамлекеттик мүлк фонду түзүлүп, завод-фабрикаларды ал фонддун балансына ала башташты. Заводду сактап калууга аракет жасап, "кароолчулук штат ачып, айлыгын берип тургула" деп жогорку бийликтегилерге бир топ кайрылдым. Бирок, натыйжада болбоду. Мамлекеттик мүлк фондуна өтүп кеткенден кийин мен басып дагы барган жокмун. Кийин аукцион аркылуу Бердибек Исмаилбеков сатып алыптыр. Андан аркы тагдырын билбейм», - деди Ж.Борсунбаев.

Ал эми завод ачылгандан баштап жабылып калганга чейин иштеген Орозбек Султангазиев заводдун ишмердүүлүгү тууралуу буларды айтып берди.

«Завод 1982-жылы ачылды. Мен заводдун бардык иштеринде иштедим. Кирпич бышырдым, кирпич тиздим, бригадир болдум дегендей. 1988-жылы мастер болдум. Күнүгө 16 миң даана кирпич чыгарып турдук. Заводдун ичинде бардык шарттар бар эле. Дүкөн, жуунучу жай, ашкана, спорттук жайынан бери бар болчу. 150-200 рублдан айлык алчубуз. Заводдун курулушуна Турдакун Усубалиевдин салымы зор. Ошол кезде Сүлүктүгө бир кирпич завод курулган. Бизге экперимент катары курушкан. Кирпич тизгениң жана жүктөгөнүң гана кол менен аткарылчу. Калганы бүт автомат, жабдыктар менен иштечү. Завод биринчи ишке киргенде жалпак кирпичтерди чыгардык. 1985-жылдан кийин чоң, ортосунда көзөнөктөрү бар кирпич өндүрө баштадык. Кирпич 1000 градус ысыкка бышчу. Жалаң топурак менен жасалчу. 0,5 пайыз көмүр кошулуп, калган 99,05 пайызы топурак менен жасалчу. Биздин Ак-Талаанын топурагы шор болгондуктан, кирпич жарылып кетип жатат деп кардарлардан нааразычылыктар түшүп, анан Ат-Башыдагы Кызыл-Бел деген жерден топурак алып келип жүрдүк. Андан кийин, акыркы жылдары Кызыл-Там чөлкөмүнөн топурак тартып келип, кирпич бышырып жүрдүк. Көп эле кыйынчылыктар болду. Вагондор кулап калат, рельстен чыгып кетет. Анын баарын калыбына келтиребиз. Тельфер деген кичинекей жүк көтөргүч бар эле. Бир жолу бир жумушчу тельферди катуу басып жиберсе тосмодон ыргып кетип, кран кулап калды. Жетекчи келип урушуп кирсе, тиги жумушчу "мен эмне муну кудага минип бардым беле, кырсык да" деп коёт.

Бир окуяны айтып берейин. Кирпичке Кызыл-Там чөлкөмүнөн топурак алып келебиз. Ошол жерден топурак алууга жер бөлүп беришкен. Топуракты аялдар түшүрүп алышат. Андан кийин электен өткөрүлүп, майдалоочу жабдыкка кирип, тим эле ун сыяктуу эле болуп калат. Бир күнү аялдар кыйкырып калышты. Барсам, адамдын баш сөөгү, жото жилик сөөгү жатат. Ченеп көрсөм, биздин сөөктөн алда канча чоң. Заводдо Жумабай деген бизден улуу киши иштечү. Куран окуганды ошол эле киши билчү. Баягы сөөктөрдү куран окуп көмүп койдук. Кийин адам сөөктөрүн көп эле көрүп жаттык. Көрүп калганыбызды алып, куран окуп көмүп коёбуз. Көрбөй калган канчалаган адам сөөктөрү топурак менен кошо майдаланып, кирпич болуп бышып калды. Биздин божомолубузда, маркумдардын сөөгү коюлган жайдан жер бөлүп беришкен. Союз учурунда айдоо аянтка айлантабыз деп, далай эски мүрзөлөрдү түздөп салышкан.

Ошентип завод 1993-жылы ишин токтотуп, жумушчулар тарап кеттик. Заводдун иштебей калышына ошол учурдагы район бийлигинде отургандар күнөөлүү. Сактап калууга деле болмок. Завод көмүр менен иштегендиктен, ошол кезде көмүр дагы казылбай, келбей калды. Кийин райондук акимчиликтин алдында Мамлекеттик мүлк фонду деген түзүлүп, завод ошонун балансына алынып, ошол боюнча талкаланып-тонолуп жок болуп кетти. Ошол фонд талап-тоноо үчүн эле түзүлгөн фонд окшойт деген ойдо калдым. Эмне деген сонун жабдыктар бар эле. Жабдууларды иштеткен кыймылдаткычтар, ар бири 2-2,5 тонна салмактагы 500гө чукул вагон, рельс жана башка темир жабдуулар көп эле. Бардыгы тең ошол кезде болбогон баага Кытайга темир катары сатылып кете берди. 2 даана "КамАЗ", 1 даана "МАЗ", 2 даана "ГАЗ-53", 1 даана "УАЗ", 1 даана экскаватор, 1 даана "ЮМЗ" экскаватор, 1 даана "Зил" жана 1 даана автобустун техникалары бар болчу», - деди О.Султангазиев.

Заводдо эркек жумушчулар гана иштебестен, аялдар дагы кирпич тизип эмгектенишчү. Алардын бири Сонунбүбү Кулманбетова: «Мен кирпич тизип иштечү элем. Лента менен келе жаткан кирпичтерди алып, вагонго тизчүбүз. Бир кирпичтин салмагы 5-6 килограмм болчу. Бир күндө 30га жакын вагонго кирпич жыйначу элек. Акча таап окууга өтөм деген ой менен заводдо иштеп, акчамды чогултуп алып окууга кетем. Өтпөй калып кайра келем. 3-4 жолу аракет кылдым. Ошентип окубай калдым. Кийин завод жоюлуп кеткен соң соода кылдым. Самсы, пирожки жасап саттым. Жалданып шырдак шырып иштедим. Жасабаган жумушум калган жок. Азыр жолдошум Орозбек заводду көрүп алып ушунчалык зээни кейип, кээде көзүнө жаш алып ыйлайт. Негизи, заводду сактап калууга деле мүмкүнчүлүктөр бар болуптур

Адам сөөктөрү чыккан чын. Топурак чоң электен өткөрүлчү. Бир убакта электин бир жагынан топурак өтпөй калды. Бир жумушчу эже бир нерсе такалып калды деп, колу менен тазалап жатып, чоң бир нерсени алып чыгып "Ороз!" деп кыйкырып жиберди. Карасак адамдын баш сөөгү экен. Баш сөөк чоң экен», - деди.

Ошентип көмүрдүн, каражаттын жоктугунан улам иши токтоп калган завод Мамдекеттик мүлк фондунун балансына өтүп, бери дегенде 10 жылдай кароосуз калып, таланып-тонолууга дуушар болгон. Ушундай абалга кептелген заводду Исмаилбеков Бердибек аукцион аркылуу сатып алган.

«Завод 1993-жылдары иштебей калган. Ошол жылдан 2000-жылга чейин кароосуз калып, талап-тоноолорго туш болгон. Ал жердеги кароолчуларга айлык төлөнбөй, алар заводдун ичиндеги темирлерди акырындан сата башташкан. Мындан тышкары Мамлекеттик мүлк фондусуна чейинби же ага чейинби, айтор Ат-Башынын кирпич заводунан келишип, бир топ жабдыктарын алып кетишиптир. Завод аукцион аркылуу 2 жолу сатыкка коюлду. Бирок эч ким сатып алган жок. Мүлк фондусунун облустук жетекчиси ак-талаалык киши эле. Ал киши келип "кой, бул завод келечекте Ак-Талаа үчүн керек. Ошондуктан өзүңөрдөн бирөөңөр сатып алгыла" деп, анан мага сунуш кылды. Мен, макул болуп 2000-жылы 3-жолу өткөрүлгөн аукциондо 725 миң сомго 1 "КамАЗ" жана 1 "МАЗ" унаасы менен сатып алдым. Бирок, заводдо эч нерсе деле калбаптыр. Болгону каркасын гана сатып алдым. Аны сатып алгандан кийин, заводду кайра иштетебиз деген аракеттерди көрүп, инвестор издей баштадым. Инвестор издеп Кытайга чейин бардым. Жок дегенде керамикадан буюмдарды өндүрүп чыгаралы деген пландар болду. Бирок, өндүрө турган сырьёлорубузду сатып ала турган кардарлардын жоктугунан инвесторлор дагы колдогон жок. Жогорку бийлик тарабынан дагы заводго кызыкчылык болгон жок. Кароолчулар иштегеси келбеди. Эч ким айлык бербесе кароолчулар бекер иштемек беле. Кароолчу жок болсо, жалгыз каягына жетишмек элем. Күн-түн дебей завод тонолуп кетти. Негизи мен сатып алганга чейин эле бери дегенде 10 жыл завод таланып-тонолуунун үстүндө болду да. Болгону, ликвидаторго айлык бере албай калып, "МАЗ" унаасын бердим. Өзүм "КамАЗ" унаасын алып калдым. 19 жыл бою салыгын төлөп келдим. Дагы деле төлөп жүрөм», - деди Б.Исмаилбеков.

Булак: http://www.turmush.kg/

Последние новости