www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Ахматбек Келдибекович, президенттик шайлоонун ѳткѳнүнѳ эки жылдын жүзү болду. Бул эки жыл ичинде болуп ѳткѳн саясий окуяларга жана акыркы убакта коомчулуктун кѳңүлүн бурган Азаттыктын иликтѳѳсүнѳ карата сиздин кѳз карашыңызды билсек…

- Президенттик шайлоодон соң бир жарым жыл жалаң гана саясий ѳңүттѳ ѳттү. Бул мезгилде Бишкек жылуулук борборундагы жемкорлуктун бети ачылып, бир топ адамдар камакка алынды. Муну менен кошо эле  мурунку ѳлкѳ башчысынын менин кадрларыма тийишип жатасың деген “таарынычынын” негизинде ар кандай саясий боектор жүз берди. Мындан соң  президенттин укуктук талаада экономикалык, саясий багытта иштей баштаганы дагы кимдир бирѳѳлѳргѳ жакпай калды.

Мисалы, акыркы коомчулуктун кѳңүл борборунда болуп жаткан Саймаитинин окуясын мен кимдир бирѳѳнүн  саясий буйрутмаларынын бири деп билем. Мындай деп айтууга негиз кѳп. Мисалы,  алгачкы жолу бул иликтѳѳ обого чыкканда документтер жасалма болуп чыкты. Анан убакыттын ѳтүшү менен   Саймаити каза болгондо экинчи бѳлүгүн алып чыгышты. Анда кѳптѳгѳн чийелешкен түйүндѳр бар.

Анткени, Саймаити Кыргызстандын жараны эместигин,  эки кытайлык ишкердин талаш-тартышын, бир-бирине шантаж кылган материалдарын менин оюмча Азаттык мурда эле билген. Бирок андай болсо мунун баарын ошол учурда эмне үчүн коомчулукка алып чыгышкан жок?  Эмне үчүн укук корго органдарына билдирген жок? –деген суроо жаралат. Бул жерде баары саясатташкан. Бул маселелердин түпкүрүндѳ Сооронбай Жээнбековду кандай болбосун иштетпей бут тосуу максаты жатат. Ал эми президенттин алсыз жери катары бул жерде саясий технологдор Райым Матраимовду алып чыгышты.

- Анда иликтѳѳдѳ айтылган 700 млн доллардын келип чыгуу тарыхы кандай түшүнсѳк болот?

– Акыркы убакта ар бир саясатчы ѳзүнѳ тийешелүү маселени камтып, ѳзүнүн кызыкчылыгын кѳздѳп маек берип жатат. Коомчулукту алагды кылбоо үчүн тийешелүү мекемелер бул 700 млн доллардын түпкү тарыхын кылдат изилдеп чыгуулары керек. Иликтѳѳдѳ деле Саймаити бул 700 млн доллар Ѳзбекстандын акчасы экенин айтып жатат. Бул да далил. Анан калса мындай кѳйгѳй кечээ эле пайда боло калган жок. Иликтѳѳдѳ деле мурунку президенттин учурунда болгон окуя баяндалып жатат. Бул жерде бир гана 700 млндун тарыхы эмес тѳрт-беш жыл мурун  Ош аба майданынан каракталган акча каражатынын дагы жоголуу “тарыхы” , анын артында кимдер турганы ачыкка чыгышы мүмкүн. Ѳзбекстандын акча каражатынын Кыргызстан аркылуу чыгышын ошол мезгилдеги ѳзбек сумму менен доллардын курсунун айырмасы, экинчиден Кыргызстандын мыйзамдарынын либералдуу болгондугу менен түшүндүрсѳк да болот.

Башка ѳлкѳдѳн банк аркылуу которулган акчаларды “тазалап” мыйзамдаштырып берген айрым банкирлердин мыйзам чегинде жоопко тартылып жатканы,  кээ бир банктардын мамлекеттин кѳзѳмѳлүнѳ ѳткѳнү бул боюнча сот иштеринин жүрүп жатканы бул кѳмүскѳ экономикага бѳгѳт коюлуп жаткан иштердин жыйынтыгы деп эсептейм.

Анан бүгүн биздин ѳлкѳнүн акчасы чыгып кетиптир деп айтып жатышат. Бул жѳн гана элдин башын айландыруу. Мисалы, Россиядан жылга Кыргызстанга 2млрддан 3 млрдга долларга чейин  акча каражаты которулат. Бирок бул нерсени орустар биздин экономикадан мынча сумма уурдалып жатат деп айтып чыгышкан жок да. Анткени, бул ишкерлик менен алектенген адамдар которгон акча каражаты. Ошондой эле бул 700млн доллар дагы ишкерлердин Ѳзбекстанда товар айлантуусунан түшкѳн акча.

Экинчиден айтып жатышат транзиттен акча түшкѳн жок деп. Транзиттен акча алуу мыйзамда жок. Ошондуктан мындай учурда  бир тыйын салык алынбайт.

Эгер транзит жолу менен кетип жаткан товар бир машинадан экинчи машинага которула турган болсо, бажы кызматтынын кѳзѳмѳлүндѳ алмашылып пломбо басылат. Аны эч ким ачып текшергенге акысы жок. Анткени эл аралык келишим ушундай. Болгону мамлекеттер ортосундагы келишимге ылайык биз аймактан ѳткѳндүгү үчүн менин билишимче 1 кмге  10 сомдон алынат.

 Азыр, өлкөдө, бийликтин ичиндеги таасирдүү топтордун ресурс талаш күрөшү жүрүп жаткандай. Айрымдар мурдагы президентти курмандык катары кѳрсѳтүп, Райым  Матраимовду азыркы бийликке байланыштырып, аны курал катары пайдалануудабы деген суроо жаралат. Сиз кандай ойлойсуз?

-Бул маселенин башаты Атамбаевдин бийлигинин тушунда чыкты. Тасмада  Эдил Байсалов Атамбаевге байланыштырып айтып чыккан. Мындан бир-бир жарым жылдан кийин  Атамбаев менен Матраимовдун ортосунда кандайдыр бир келишпестик пайда болоору менен бул окуяны Райым Матраимовго шылтап коюшту.

Тийешелүү органдар бул маселе боюнча текшерүүнү баштаганда Райым Матраимов тергѳѳгѳ тоскоол болбоюн деп Турцияга иштегенге официалдуу түрдѳ чакыруу алып, ал жакка чыгып кетти. Бирок ага карата каралоо токтобостон тескерисинче Жээнбековго Матраимов аркылуу кѳлѳкѳ түшүрүү максатында күчѳй баштады. Бул Сооронбай Жээнбеков баштаган коррупциялык иштерди жокко чыгарып, элге жаман кѳрсѳтүү максатында жасалып жаткан саясат десем мен жаңылышпайм.

-Коомчулук бийлик Раимбек Матраимов жөнүндө күдүң сөздөргө чекит коюу керектигин баса белгилешүүдө. Кээ бир саясатчылар, бийлик ал жөнүндө болгон толук маалыматты коомчулукка ачык чыгарып койсо эле, эл тынчып калат деген пикирлерди айтышууда. Чын эле ушундай кырдаалда бийлик кандай кадамдарга барышы керек?

-Райым Матраимовдун Кыргызстанга кайтып келип элге кайрылуу жасап, эгерде тийешелүү мекемелер чакырса келип жооп бергенге даярмын дегенин туура деп эсептейм. Анткени бул окуяларга чекит коюу мезгили келип жетти.

Ошондой эле иликтѳѳ жасаган журналисттер дагы укук коргоо органдарынан маалыматты билип туруп катып койгон болсо анда анын дагы жоопкерчилиги каралышы керек.

Анан укук коргоо органдары тарабынан издѳѳдѳ жүргѳн адам менен байланышып, ал чыгарбай тургула деп суранган деп, качан ал адам каза болгондо, ал ким тарабынан киши колдуу болуп ѳлтүрүлгѳнү тактала электе журналисттердин чыгарып жибергени бул дагы туура эмес деп ойлойм. Бул материалдардын баары укук коргоо органдарына ѳткѳрүлүп берилиши керек. Тийешелүү органдар бул нерсеге укуктук талаала баа берүүлѳрү абзел. Анткени бул окуяларга чекит коюу укук коргоо органдарын иши.

-Айрым саясий серепчилер Раимбек Матраимовду жаманатты кылуу бийликтин ичиндеги кээ бир топторго да пайдалуу болуп атат. Ошондуктан такталбаган, туура эмес маалыматтар, сырткы дагы, бийликтин ичиндеги дагы күчтөр аркылуу медиа талаага ыргытыла баштады деп айтышууда. Чын эле Раимбек Матраимов ак дегенге сиз кошуласызбы?

-Финансы полициясы буга чейинки иликтѳѳдѳ банк аркылуу которулган акча каражаттарын иликтеп иликтѳѳдѳ айтылгандай, бул акча каражаттарына Матраимовдун тийешеси жок деп тыянак чыгарган. Алар бул сумма Ѳзбекстандан келгендигин Саймаити да “бул акчалар Ѳзбекстандын акчасы”, “Мен Матраимовду тааныбайм” деп иликтѳѳдѳ ѳзү  айтып жатат. Бирок каралоо токтогон жок. Айрым адамдар эмне үчүн чындыкты  уккусу да келген жок?  Демек бул жерде кимдир бирѳѳнүн кызыкчылыгы бар десек болобу? Болот.

 Кыргызстандагы бажы тармагында контрабанда системдүү көрүнүшкө айланды. Бул тармактагы коррупцияга канткенде бѳгѳт кое алабыз?

-Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин бажы ѳткѳрмѳ бекеттерине заманбап электрондук техникаларды коюууга каражаты жеткен эмес.  Биз колубуздан келген нерсе менен алек болуп ѳз алдынча мамлекет катары кадамыбызды таштаганбыз. Мисалы, ошол учурда кѳпчүлүк товарлар Россия, Казакстан ѳңдүү мамлекеттерге Дордой базары аркылуу ташылып турган. Биз бажы биримдигине кирген соң эл аралык эреже боюнча компьютерлештирилген система менен электрондук бѳгѳттѳрдү коюп баштаганыбызга эки жыл болду.

Мындай заманбап техникалар толук ишке кирип бүткѳн соң, бул тармактагы коррупция ѳзүнѳн ѳзү жоюлат десек болот. Бажыдагы чийеленишкен коррупция кечээ эле чыгып калган жок. Бул кѳйгѳйдүн башаты ѳлкѳбүз эгемендүүлүккѳ ээ болгон күндѳ жатат. Аскар Акаевдин убагында кийин Курманбек Бакиевдин убагында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы экспорт менен импорттун айырмасы чоң чыккан. Мындай окуя Кыргызстанда эле эмес коңшу ѳлкѳлѳрдѳ дагы болгон. Ошол эле Казакстан менен Кытайдын, Ѳзбекстан менен Кытайдын ортосундагы экспорт-импорттун айырмасы да чоң болгон. Бирок кеп мында эмес. Кеп мына ушул кѳрүнүштѳрдүн баары акырындык менен жолго салынып түздѳлүп келе жатканында.

Фискалдык органдардын ичинде физический адам катышкан же адам күчү жумшалган  жерлерде коррупция болгон эмес деп айтсам мен жаңылышам. Коррупция болгон, бирок 700 млн доллардык деңгээлде эмес. Бул аябай чоң акча. Анткени ошол мезгилдерде биздин бюджет 1,5-2 млрд долларды эле түзгѳн. Анан ушул суммадан 700 млн долларды чыгарып кетти деген сѳз акылга сыйбаган кѳрүнүш да.

Анткени тийешелүү мекемелер бюджеттин киреше булагын жазганда мурунку жылдардын экономикалык кѳрсѳткүчтѳрүн карап чыгып жыйынтыгын чыгарышат. Анан жѳн эле ой келди асмандан алып жазбайт да.

Айтыңызчы контрабанда менен дегеле кимдер шугулданат?

-Контрабанда менен кимдер шуугулданат? Мисалы биз Ѳзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кытай менен чектешпиз. Ал эми кайсы ѳлкѳдѳ кайсыл товар арзан турса контрабанда менен баары шуугулданат. Мисалы Казакстан менен Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасын алып кѳрѳлү. Эки эсе айырма бар. Мына ушул күйүүчү майды контрабандалык жол менен алып келип, сатканда да жакшы суммадагы киреше калып жатса анда бул нерсе менен баары алектенет. Бул эконоимканын ушундай түзүлгѳн шарты. Эгерде мындайга жол бербейбиз десек анда чек араны толук кандуу чычкан жѳргѳлѳгүс кылып жабышыбыз керек.

Контрабанда менен күрѳшүүнүн бирден бир жолу эгерде бизден чыгып жаткан товар башка ѳлкѳдө эки эсе кымбаттыраак болсо биз ошол  товардын чек арадан чыгуу наркын эки эсеге кѳтѳрүп койсок анда ал товарды контрабанда кылып эч ким ташыбайт. Себеп дегенде бул пайдасыз болуп калат. Ушундай эле башка ѳлкѳдѳ бизден эки эсе арзан турган товардын дагы бизге кирип жаткан наркын эки эсе кѳтѳрүп койсок эч ким контрабанда менен алектенбейт.

Кечээ болуп ѳткѳн уяюштуруучулар “маданияттуу” деп аташкан митинг тууралуу сиздин кѳз карашыңыз кандай? Митинге чыккандар чын эле Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн, акыйкат издеп чыкты деген ойго сиз кошуласызбы?

-Бул митингдин артында кандай саясат турат деп баары суроо берип жатышат. Ал эми уюштуруучулар бул митингдин башаты иликтѳѳдѳ жатат деп айтышты. Бирок, ошол иликтѳѳдѳ башка ѳлкѳнүн жарандарынын да аты аталды. Ѳлкѳ башчысынын ант берүү аземине катышкан Хабибулла Абдукадыр аттуу жаран боюнча, Кытайдан канча тонна товар транзит болуп Ѳзбекстанга кетти ушул ѳңдүү маселелерди укук коргоо органдары дыкат изилдеп чыгып чекитти коюшу керек.

Ал эми иликтѳѳдѳгү айтылгандардын чын-тѳгүнүн аныктабай туруп саясатка айландырууга ким кызыкдар? Бул нерсени да такташ керек. Мына митинг кечээ болсо бүгүн бул нааразычылык акциясын уюштурууга канча сумма акча каражаты коротулганы боюнча смета чыгып жатат. Ошондой эле бул минтингге кимдер катышканын басма сѳз каражаттары кенен чагылдырып жазып чыгышты. ММКлардагы маалыматтар боюнча АУКЦнын студенттери, НПОчулар болушуптур. Ушул жерден эле кимдердин саясаты жүрүп жатканын байкасак болот. Байкоо салып кѳрсѳңүз “араб жазынын” дагы башаты ушундай ѳңүттѳ болчу.

Ошондуктан бул нааразычылык акциясынын артында геосаясат жана трайбалисттик саясат турат. Мурунку президент Атамбаевдин жана анын коррупцияга аралашкан иштеринен элдин кѳңүлүн башкага буруу саясаты турат.

Мезгил Ньюс

 

Последние новости