www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары кезектеги сессиясына катышуу үчүн Бишкек шаарына келгенде милиция органдары өзгөчө иштеп калат. Алар бир кыргыз жигитин кармап алышып биртке төпөштөп, кайсы жерде жашай турган дарегин сурап жатышат. “Жибек жолу” проспектиси, үй номери 113, - дейт ал жигит. Участкалык милиционерди ал жакка жөнөтүшөт. Ал барып сураштырып, ал жакта мындай жигит жашабасын айтат. Милициялар кайрадан төпөштөп киришет.

Кайрадан сураштырат. “Жибек жолу” проспектиси, үй номери 113, -дейт ал жигит. Участкалык милиционерди ал жакка жөнөтүшөт. Ал барып сураштырып, ал жакта мындай жигит жашабасын айтат. Милициялар кайрадан төпөштөп киришет. Милициялар эрмектеп тажашкан соң үйүнө кетирет. Таяк жеп үйүнө келсе, кошунасы айтып жатат имиш: “Кошуна сен мага карыз болуп калдың, бүгүн эки жолу менттер сени издеп келишти, эки жолу ал бул жерде жашабайт  деп койдум”, -деп.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости