www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Шервуд шаарынын тургундары Джошуа Марбери жана Алисия Квинниге сот системасындагы мүчүлүштүктү өз жон-териси менен сезип көрүштү. Себеби, түгөйлөр романтикалык жолугушуу үчүн  бала багуучуга уулу Жейкобду таштап кетишкен. Үйгө кайткандан кийин түгөйлөр наристени ыйлап отурган абалда табышса, бала багуучу жайбаракат уктап жаткан болот. Мындан сырткары баланын денеси сабалгандыктан көгөрүп кеткен жана жүзүндө шапалактын, манжанын изи даана байкалган.
 
Ачууланган ата-эне полиция чакырышып, эртеси арыз жазышкан. Сырттан караганда иш түшүнүктүү көрүнгөнү менен сот бала багуучуга каршы далил таба алган эмес. Анткени жергиликтүү мыйзам боюнча, жеңил жаракат алган адам өзү ошол киши тарабынан жабыркагандыгын айтса гана күнөөлүү болуп табылат. Бирок бул учурда жабыркоочу айта алган эмес, анткени Джейкоб бир эле жашта. 
 
Албууттанган эне сабалган баласынын сүрөттөрүн Фейсбуктагы баракчасына жүктөп, болгон окуяны кеңири жазган. Бул жазуу көптөгөн нааразычылыкты жаратып, бир суткада 150миң адам бөлүшкөн. 
Эл ачууланып гана калбай, алардын арасынан юристтердин тобу мыйзамга түзөтүү жана толуктоо киргизүүнү демилгелеп чыгышты. Эгерде жогорудагыдай иш наристелерге жана өсүүдөн артта калган адамдарга тиешелүү болсо кандай айла кылуу керектиги тууралуу мыйзамга толуктоо киргизилмекчи. 
 
Жогорудагы бала багуучу жана аларга окшогондор тиешелүү жазасын алат деген үмүттөбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости