www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жаңы психоактивдүү заттарды жана баңгизат сатып жүрүүгө шектелип 28 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адам Россиянын жараны. Ал Telegram социалдык тармагы аркылуу психоактивдүү жана баңгизат сатуу каналын жөндөп алган. Мындай аракетке бөгөт коюу үчүн тиешелүү операция жүргүзүлгөн.

«Шектүүнүн ижарага алып жашаган батирин тинтүүдө кызгылт-сары түстөгү таблетка сыяктуу жана кендир жыттуу белгисиз дары-дармектер, тамеки тарткан жабдуулар, түтүктөр жана бульбулятор аспабы табылып алынган», — деп жазылган маалыматта.

Соттук-химиялык изилдөөдө ал 41 граммды түзгөн жаңы психоактивдүү зат экендигин аныктаган.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости