www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Жогорку радасынын экс-депутаты, мурдагы транспорт министри Евгений Червоненко “112” телеканалына маек берип жатып азыркы премьер-министр Алексей Гончарукту “акылдуу акмак” деп атады. Бул тууралуу Украина маалымат булагы билдирди.

“Биз тарыхы, адистиги, Украинанын келечеги үчүн  пландары  жок кишилердин башкаруусундабыз. Анан дагы алардын билими жана эң негизгиси абийири жок”,-деп маек берди ал.

Анын айтымында Украина эли Петр Порошенконун убагында жашагандан да начар жашашууда. Ал эми өкмөттү билимсиз, жоопкерчиликсиз “акылдуу акмак” жетектеп жатат деген пикирин айтып, "Алар бизге кайырчы, ууру акмактар сыяктуу карайт”,- деп кошумчалаган.

Буга чейин Гончарук чыр-чатактын борборунда калып, жумушунан айдалып кете жаздаган. Себеби YouTube-каналда “Президентти кантап атаса болот” деген аталышта Гончарук менен бир нече кишинин ортосундагы Зеленский тууралуу айтылган жагымсыз кептерди сүйүлөшкөндүгү жазылып калынган аудио жазуу тарап кеткен.

Ушул окуядан кийин Гончарук отставкага кетүү тууралуу арызын Зеленскийге жазып, бирок президент “дагы бир жолу мүмкүнчүлүк” берээрин айтып, премьер-министрдин алдына бир канча тапшырмаларды койгон эле.

гончарук сурамы боюнча табылган сүрөттөр"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости