www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектик мугалимдер балдарга берилген тамак-аштын сапатын жакшыртууну үйрөнүп келишти. Бул тууралуу “NazarNews.kg” агентигине берген Бишкек мериясынын басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.
Анда айтылгандай, 14-15-ноябрда Орусиянын Ульяновск шаарында бүткүл орусиялык биринчи конференция өтүп, билим берүү тармагындагы тамактануу системасын жакшыртуу маселеси каралган.
Жалпысынан 250 адамдын башын бириктирген бул конференцияга – КМШ өлкөлөрүндөгү мектеп, бала бакчалардын жетекчилери жана саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү катышкан. Анын ичинде Бишкектик мугалимдер дагы болгону айтылат.
Иш-чаранын жүрүшүндө аталган тармактын адисттери, азык-түлүк ташыгандар менен жолугушуп, билим берүү тармагындагы тамак-аштын сапатын талкуулашкан. Ошондой эле Бишкектик агартуучулар “Социалдык тамактануу” көргөзмөсүнө катышып, андагы интерактивдүү аянтчадан ден-соолукка пайдалуу азыктардын пайда болуусу тууралуу маалымат алышкан.
Белгилей кетсек, борбор калаалык окутуучуларды РФ Тарбия минстрлиги менен Орусиялык башкаруу академиясы чакырган.
Булак: NazarNews.kg