www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үстүбүздөгү жылдын 5-июль күнү Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчылыгынын өздүк курамы менен жолукту.
Жолугушуу учурунда министрдин орун басарыИчки аскерлердин аскер кызматкерлеринин апрель айынын аяк ченинде Баткен областынын аймагында орун алган кагылышуулар учурунда, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы башкы суу бөлүштүрүү курулмасын коргоодогуаскер кызматкерлеринин эрдиктерине токтолуп, күжүрмөн даярдыктын жогору экендигин белгилөө менен ага жогору баа берди.
Ошол эле учурда Ички аскерлердин аскер бөлүктөрү коомдук коопсуздукту камсыздоодо да аткарган кызматычоң мааниге ээ экенин белгилей кетти.
“Өлкөдө түзүлгөнжеңил эмес кырдаалга карабастан, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамы коюлган тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарып, жарандардын укугун жана эркиндигин коргоодо, кылмыштуулукту ооздуктоодо ИИО кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Учурда КР ИИМ жетекчилиги тарабынан Ички аскерлердин өздүк курамынын социалдык абалын, турмуш-тиричиликтик шарттарын жакшыртуу боюнча бардык аракеттер көрүлүп жатат”, деп баса белгиледи Октябрь Урмамбетов.
Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары Ички аскерлердин өздүк курамына күжүрмөн-кызматтык милдеттерин аткарууда мыкты ийгиликтерди жарата беришин каалап, ал мамлекетибиздин коопсуздугун, тынчтыгын камсыз кылууда зор мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg