www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соцтармактарда Забайкальедеги аскердик бөлүмдө жоокерлерди атып салган жоокер Рамиль Шамсутдиновдун  каты пайда болду.
Адвокат Рамиль тарабынан жазылган кайрылууну анын атасына берген. Колдо жазылып, сканерден өткөн кат соцтармактардын бириндеги “Катардагы Рамиль Шамсутдиновду сактап калуу” тобуна тарады. Кат уулунуку экендигин атасы өзү тастыктады.

"Мен өзүмдү кармай албай мындай кадамдарга барганыма өкүнөм. Башка жолум жок эле. Мени кордогондоруна башка чыдай алмак эмесмин. Чын дилимден каза болгондордун үй-бүлөөлөрүнө көңүл айтам. Кечире алсаңар, кечиргиле",- деп жазган Шамсутдинов.
Андан ары жоокер жашоосун аскер менен байланыштыргысы келгендигин айтат.

Письмо Рамиля Шамсутдинова выложили в одной из групп «Вконтакте»<br>

"Мен аскерден качкан эмесмин. Мекенимди коргогум келчү жана жашоомду аскер менен байланыштырууну каалаганмын. Ушундай тозокко түшөрүмдү күткөн эмесмин. Качканга, арызданганга мүмкүнчүлүк жок эле. Өзүн-өзү коргоо инстинкти иштеп кетти окшойт. Адамдарга канча кайгы алып келгенимди, өз жашоомду талкалаганымды эми гана түшүнүп баштадым",-деп кошумчалаган Шамсутдинов.

Эске сала кетсек, 25-октябрда Рамиль Шамсутдинов аскердик бөлүмдөгү офицерлерди жана  жоокерлерди атып салган. Натыйжада сегиз киши каза болуп, эки киши оор жаракат алган эле. Рамиль өлтүргөндүгүнүн себебин алардын уставга туура келбеген мамилеси жана зордуктоо менен коркуткандыгы деп түшүнтүргөн. Кийинчерээк аны Россия Федерациясынын Кылмыш кодексине ылайык кайра аны жабырлануучу деп табышкан. 

Маалыматка караганда,  декабрь айынын башында атып өлтүрүлгөн аскерлердин үй-бүлөөлөрүнө 6 миллион 680 миң рубль компенсация төлөп берген. Ошондой эле коргоо министри ВТБ банкына каза болгон офицер жана жоокерлердин карызынан кечүүнү сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости