www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Англиянын Шеффилд шаарында өз балдарын өлтүргөн ага-карындашка сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 35 жаштагы Сара Баррасс 20 жыл бою өзүнүн бир тууган агасы Брэндон Мачин менен жашыруун жашап келген. 20 жылдын ичинде алардын ортосунда 6 бала төрөлгөн. Балдарынын улуусу 14 жашта. Баррасс эгерде кимдир бирөө бул тууралуу билип калса, балдарын тартып алат деп коркуп, өз балдарын өлтүрүп, анан өз жанын кыюуну туура көрөт. Агасы ага жардам берүүгө сөз берет.
Ушул жылдын 23-майында Баррасс менен Мачин улуу балдарын үйүндөгү ар кандай дарылар менен ууландырып өлтүрүүнү ойлошот. Алар эртең менен ашыкча ичип алган дарыдан балдары өлүп калат деп ойлошкон. Бирок балдары дарыдан өлбөй тирүү калышкан. Ошондо агасы менен карындашы улуу эки баласын халаттын куру менен муунтуп өлтүрүшкөн.
Андан кийин алар үчүнчү баласын ваннадагы сууга чөктүрүп, кичүүлөрүн баңги зат сайып өлтүрүүгө аракет жасашкан. Бирок бактыга жараша, балдары аман калган.
Тирүү калган балдарынын бири соцкызматкерлерге атасы менен апасы 300 жылга түрмөгө кетүүсүн каалаганын айткан.
Баррас менен Мачинге эки баласын өлтүрүп, калган балдарын өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.
Булак: NazarNews.kg