www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров ИИМдин ички аскерлерин 80 жылдыгы менен куттуктап, аскердик намыстын, эрдиктин символу катары Күжүрмөн тууну аталган аскердик бөлүктөргө тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров аскерлерди куттуктап, 80 жыл мурда түзүлгөн Ички аскерлер кызматынын бүгүнкү күндөгү милдетин белгилеп, алардын өлкө аймагында ички коопсуздукту камсыздагандан башка милдеттерине токтолгон.

Элге тынчтыкты жана бейпилдикти тартуулап, стратегиялык мааниге ээ мамлекеттик маанилүү объектилерди эле кайтарбастан, коомубуздун жаркын келечегине коркунуч жараткан ар кандай чакырыктарга каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүп жатканын белгилеген.

Маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров ички аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жакшы жана аскердик духу күчтүү экенин кошумчалаган.

"Кандай гана милдеттер жүктөлбөсүн, жоопкерчилик менен так аткарууга даяр экениңиздерди убакыт айкын көрсөттү. Мындан ары дагы ички аскерлерибиз өлкөнүн бакубат келечеги үчүн, анын ичинде мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандарыбыздын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча алдыга коюлган милдеттерди так аткарат деп ишенимдүү айта алам", — деген мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, министрлер кабинетинин "КРдин айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө" токтомунун долбоору даярдалган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү пландаштырылган. Алардын өзгөчө шарттардагы эмгегин эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта өтөгөн кызматынын бир жылы эми 1,5 жыл деп эсептеле турган болгон. Ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын бир жылы эки жылга тете деп эсептелери белгиленген.

Булак: NazarNews.kg​​​​​​​

Последние новости