www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актриса Мерьем Узерли Кыргызстанга келет

«Даӊазалуу доор» теледолбоору боюнча кеӊири таанылган түркиялык белгилүү актриса жана продюсер Мерьем Узерли Бишкек шаарына келет.

Анын сапары Лос-Анжелес шаарындагы Азиялык Эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча телесериалдар менен байланышкан жаӊы эл аралык долбоорду (Түркиянын Стамбул шаары) презентациялоого байланыштуу. Бул тууралуу кинофестивалдын башкаруучу директору Асел Шерниязова билдирди.

Белгилей кетсек, Азиялык эл аралык кинофестиваль коомдук ишмер, учурдагы Франциядагы элчи жана ЮНЕСКОнун толук укуктуу өкүлү Садык Шер-Нияз тарабынан 2015-жылы Лос-Анжелесте негизделген. Ишкер жана филантроп Шухрат Ибрагимов 2019-жылдан бери фестивалдын төрагасы.

Уюштуруучулардын айтуусу боюнча, сентябрдын башында Бишкекте жаӊы долбоордун урматына арналган пресс-конференция болуп, жабык гала сый тамак берилмекчи. Мерьем Узерлиден тышкары белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманн, фестивалдын аткаруучу директору Жорж Шамшум, продюсер, аялдар укуктарын коргоочу, эл аралык мамилелер жаатындагы эксперт — Мерал Мелика Дюран да келе турганы күтүлүүдө.

Эске салсак, Мерьем Узерли 2019-жылы Азиялык Эл аралык кинофестивалда калыстар тобунда төрайым болгон. Ал ошондой эле Жан Марк Валле, Сергей Бодров, «Крестный отецтин» продюсери Ал Ради, актриса Люси Лю, Марвелдин бардык фильмдеринин кастинг директору Сара Финн жана башка көптөгөн атактуу кино ишмерлери менен катар уюштуруучу кеңештин курамында. Фестивалдын өнөктөшү – беш жыл катары менен «Алтын Глобус» көрүнүктүү сыйлыгы аземин уюштуруучу Чет элдик прессанын Голливуддук ассоциациясы.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү пресс-конференцияга аккредитация кылуу үчүн [email protected] электрондук дарегине кайрылса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости