www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйында Мамлекет башчысы сөз сүйлөдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Дастан Догоев 2019-2023-жылдарга карата «Санариптик Кыргызстан» санарип трансформациясынын Концепциясынын презентациясын жасады.
Мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик бутактарынын башчылары — Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Джумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев инновациялык технологияларды кеңири колдонуу зарылдыгын белгилешти.
Концепцияны талкуулоо учурунда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөдү.
Жыйынды жыйынтыктап жатып, Сооронбай Жээнбеков өлкөдө санариптик трансформацияны алдыга жылдыруу боюнча сезилерлик натыйжалар керектигин белгиледи. Мунун ордуна санариптик трансформацияга байланыштуу долбоорлордун кечеңдеши дагы байкалып жатат. Тагыраак айтканда, Транспорт жана жол министрлигинде, Саламаттыкты сактоо министрлигинде, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде, Улуттук энергохолдингде санариптештирүү боюнча ишти кечеңдетип жатышканы белгиленди.
Мамлекет башчысы «Санариптик Кыргызстан» концепциясын ишке ашыруу үчүн биринчи вице-премьери Кубатбек Бороновду жооптуу кылып бекитүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловду орун басарына козголгон кылмыш иши боюнча тергөө маалында кызматынан четтетип турууну тапшырды.
Жыйындын жыйынтыгы менен Коопсуздук кеңешинин чечиминин долбоорун негиз катары кабыл алып, айтылган сунуштарды эске алуу менен иштеп чыгуу сунушталды деп билдирет президенттик аппараттын маалымат кызматы.
Булак: NazarNews.kg